Күчала чөптүн дарылык жактары көп, табигый виагра деген чынбы?
Интернетте видеолор бар экен, анда күчала чөбүнүн пайдалуу жактары абдан көп, табигый виагра деп да айтылат. Ошол чынбы? Алып ичсе болобу?
Азат Бейшенов
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Тилекке каршы бул суроо боюнча мен эч кандай рекомендация бере албайм. Кыргызстанда чөптөрдүн дарылык касиетин, ден соолукка тийгизген таасирин изилдеген илимий лабараториялар жок. Ошондуктан анын пайдасы же зыяны тууралуу так айтуу мүмкүн эмес.
www
Интернеттен алынган маалыматка ылайык, күчала – чилибуха (рвотный орех), латынча Strýchnos nux-vómica деп аталат. Бул тропикалык жалбырактуу дарак, дүйнө жүзүндөгү эң уулу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Күчаланын уруктары алкалоид, стрихнин жана бруцин аттуу уулу заттарынын булагы болуп эсептелинет. Туура эмес өлчөмдө колдонулганда адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, өлүмүнө алып келиши мүмкүн.