Балама телефон карматпайм. Бул кылганым туурабы?
Төрт жана эки жаш сегиз айлык кызым бар. Кызым эркелеп көп ыйлайт. Телефон такыр карматпайм. Менин бул кылганым туурабы?
Айгүл Камалова
Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт
Урматтуу айым, балага такыр эле телефон карматпай коюуга болбойт. Учурдун балдары гаджеттер аркылуу маалымат алат. Ошондуктан көбү гаджеттерге кызыгат.
Телефонду убактысы менен бериңиз. Бербей, тыюу салсаңыз сиздин айткандарыңызды укпай (тоготпой) калышы мүмкүн.
Чеги менен телефон ойногонго уруксат берсеңиз болот. Мисалы бир күндө он мүнөттөн эки жолу бериңиз. Бирок, балдарга арналган мультфилимдерди, чет элдик ырларды жана башка баланын өнүгүүсүнө жардам берген видеолорду коюп бериңиз. Балдарга арналган чет тилдик ырлар тил үйрөнүүсүнө өтө чоң өбөлгө болот.
Ийгилик!