// //

1-класс: Бир баланын китеп-дептерине 5000 сом кетеби?

2018.08.27, 11:21
2348

1-сентябрга аз гана убакыт калды. Ата-энелер базарды көздөй чуркап, мектепке кызуу даярдык көрүп жаткан маалы. Быйыл 1-класска барчу балаңызга эмне алып беришти билбей жатасызбы? Kaktus.media редакциясы  башталгыч класстардын мугалиминен биринчи ирет мектеп босогосун аттаган балага керектүү буюмдардын тизмесин билип көрдү.

Ошондой эле, бул жерден канцтоварлардын баасын ( "Дордой" базары) жана тажрыйбалуу ата-энелердин кеңешин окуй аласыз.

Жалпысынан биринчи класстын окуучулары үчүн төмөнкүлөр керек болот:

  • Рюкзак (450-6 000 сом).
  • Күндөлүк (30-105 сом).
  • Дептер 12 барактуу– 20 даана. (3,80-18 сом/данаасы).
  • Дептер тыш – 20 даана. (1-5 сом/даанасы).
  • Китеп тыш – 10 даана (10-20 сом/даанасы.).
  • Пенал (30-450 сом).
  • Калем– 5 даана (3 даана көк, 2 даана жашыл - 5-20 сом/даанасы.).
  • Жөнөкөй калем – 5 даана (3-15 сом/даана).
  • Сызгыч 15 см (10-20 сом).
  • Өчүргүч – 2 даана (15-30 сом/даанасы).
  • Калем учтагыч (10-100 сом).
  • Сүрөт тартуу үчүн кагаз, 10 барак (штампы жок черчения үчүн папка) – 2 даана (40-65 сом/даанасы).
  • Түстүү калем, 12 түс – 1 коробка (50-155 сом).
  • Акварель боёгу, 12 түс – 1 коробка (75-130 сом).
  • Сүрөт тартуу үчүн кист (25-60 сом)
  • Стакан-“непроливайка” (20-30 сом).
  • Картон түстүү кагаз (35-120 сом).
  • Желим-калем (20-40 сом).
  • Шуштугуй эмес кайчы (30-160 сом).
  • Китеп койгуч (100-150 сом).
  • Сыдырмалуу пластик папка – 2 даана (15-100 сом/даанасы).

Эгерде шаар тургуну болсоңуз, үйдөн чыкпай эле төмөнкү онлайн-магазиндерге буйрутма берсеңиз болот:

  1. Office expert

www.oe.kg/catalog/kantstovary_tovary_dlya_ofisa/  

Тел.: (0555) 88-75-73, (0707) 88-75-73, (0779) 88-75-73

Шаар ичинде жеткирип берүү: 200 сом, 1 400 сомдон өйдө товар алсаңыз - бекер.

  1. www.max.kg

www.max.kg/catalog/kanctovary

Тел.: (0312) 98-67-60, (0553) 93-11-11, (0777) 93-11-11, (050) 93-11-11

Шаар ичинде жеткирип берүү:140 сом, 2 000 сомдон өйдө товар алсаңыз – бекер.

  1. www.kanc.kg

Тел.: (0700) 733-193, (0776) 504-019, (0553) 220-216

Шаар ичинде жеткирип берүү: 100 сом (бурутманын эң аз суммасы - 1 500 сом), 5 000 сомдон өйдө товар алсаңыз - бекер.

  1. www.officepoint.kg

Тел.: (0312) 66-55-55, 66-33-33

Шаар ичинде жеткирип берүү: 3 000 сомдон өйдө товар алсаңыз - бекер.

  1. "Карандашкин"

www.kancmaster.kg

Тел.: (0555) 91-09-99, (0502) 91-09-99

Шаар ичинде жеткирип берүү: 200 сом, 2 000 сомдон өйдө товар алсаңыз - бекер.

Эсиңизде болсун

  • Рюкзакты баланын боюна карап тандаңыз. Эгерде балаңызды мектепке өзүңүз алып-барып келем десеңиз, арты ортопедиялык сумка албай эле коюңуз, анын салмагы оор. Сатып алып жатканда бардык сыдырмасын текшерүүнү унутпаңыз. Рюкзактын бир нече бөлүмдөрү болсо жакшы. Дөңгөлөктүү чемодан сыяктуу чоң баштыктардын кереги жок, ичин толтуруу кыйынга турат.
  • А4 өлчөмдүү сыдырмасы бар пластик папкадан экини алып бериңиз. Бирөөсүнө сүрөт сабагына, экинчисине чет тил сабагына керектүү буюмдарды салыңыз.
  • Балага бир сыдырмалуу пенал алган жакшы. Ошондой эле түстүү калемдер үчүн өзүнчө бирди алып коюңуз.
  • Боёктордун пластикке салынганын алыңыз, картондогулары суу болуп, айрылып калат.
  • Калем сатып алып жатканда тырмагыңыз менен жыгачын басып көрүңүз. Жумшагыраак калемдерди учтаган оңой жана тегиз болот.
  • Албомдун ордуна черчения үчүн папка алып бергениңиз туура. Барактары өзүнчө, жулуп алуунун кереги жок.
  • Мүмкүнчүлүгүңүз болсо мугалимден кайсы өндүрүүчүлөрдүн канцтоварын алган жакшы деп бир ооз сурап коюңуз.

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт