// //

Баланын мүнөзүн талкалаган 3 тыюу

2019.04.18, 16:52
11859

Балдар психологу Марина Романенко кандай тыюу салуулар балдардын мүнөзүн талкалай тургандыгын айтып берди.

  1. Өзү каалаган кийимди кийүүгө тыюу салуу

Көпчүлүк учурда бала кие турган кийимди ата-эне алдын ала даярдап коюшат. Эртең менен турган бала мен ал кийимди кийбейм, деп чыр салат.

Ошондуктан балаңар канча жашта болбосун, 3 жаштагы бакчага бара турган балабы, же 13 жаштагы өспүрүмбү, айырмасы жок. Кандай кийинип жүргүсү келет жайына коюңуз. Сиз да бул этаптан өткөнсүз. Балаңыз да бул курактан өтөт.

Анын башкалардан айырмаланып туруусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Каалаганындай кийинсин. Өзүнө жагабы, өзүн ошол кийимди кийип жүргөндө эң сулуу же укмуш креативдүү сезеби, мейли.

Ар дайым тамашага салгыла. Юмор кандай болбосун конфликтти жайгарып, абалдан чыгып кетүүгө жардам берет.

  1. Өзүнүн пикирин айтууга тыюу салуу

Ата-эне менен баланын пикиринин дал келишүүсү чоңдор үчүн абдан ыңгайлуу. Баланын оюн сурап, өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөтүүнүн кереги барбы? Албетте, себеби, бул жөндөм критикалык ой жүгуртүүнү өнүктүрөт.

Улуу ачылыштарды, башкалардан өзгөчө ой жүгүрткөн, жана өзүнүн пикирин ачык айтуудан коркпогон адамдар жасашкан. Өзүнүн пикирин айта билүү демек жоопкерчиликти моюнга алуу, ой жүгүртүү, саресеп салуу. Ооба, ата-эне үчүн бул ыңгайсыз. Кээде оңтойсуз, кээде күлкүлүү абалга кабылтат.

Канткен күндө да жеке оюн калыптандырууга үйрөткүлө. Кандай маалымат болбосун, ким тарабынан айтылбасын, маалыматты анализдеп, саресеп салуу зарыл. Сен эмне деп ойлойсуң? Сенин пикирин кандай? - деп сурап тургула. Интернет, радио, ТВ канал аркылуу келген маалыматтын баарына ишенүү бул акылсыздык.

Көптөгөн конфликттер, адам башка бирөөнүн сөзүн текшербей, анализдебей туруп ишенип алгандан улам жаралат.

Балаңарды жеке пикирин айтууга жана аны коргоого үйрөтүңүз. Пикирин жайдары, орду менен жана диалог учурунда айып көнсүн.

 Көбүрөөк сүйлөшүңүз. Сүйлөшүүгө сиз да, балаңыз да муктаж.

  1. Өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүүгө тыюу салуу

Тез кыймылдаган балдарды, тынч отур дейбиз, шашапагандарды тескерисинче шаштырабыз. Катуу сүйлөгөн балдарды акырын деп турабыз, акырын сүйлөгөндү “ой үнүңдү чыгарып койсоң боло”, дейбиз. Кызыктай эле ата-энебиз.

Тамчы тамчылай берип акыры ташты талкалагандай күндө балага сын айта берип анын бүтүндүгүнө, индивидуалдуулугуна доо кетиребиз.

Балким тез кыймылдап, тынчы жок бала келечекте мыкты бизнесмен, журналист болот. Ал ар дайым, активдүү болуп, жаңы нерселерди байкап, дароо реакция жасап турушу керек.

Шашпай кыймылдаган балдар келечекте мыкты адис, доктур, илимпоз болушу толук ыктымал. Мындай адамдар жасаган ишине баш оту менен кирип, бардыгын ийне жибине чейин билип, изилдегенге дарамети, чыдамы жетет.

Сен жалдырамасың, сен шашмасың, сен көп сүйлөйсүң,  деп алдын ала жыйынтык чыгарып койгон туура эмес.  Мүмкүн, ушул сапаты башкалардан айырмалап турган артыкчылыгы болот?

Адамдар ар түрдүү. Биздин жөндөмдөрүбүз ар башка. Биздин максатыбыз жана миссиябыз бөлөк. Бир эле үй-бүлөдө, бирдей тарбия көргөн балдардын мүнөзү, кыялы асман менен жердей айырмаланып турат.

Эсиңерде болсун, сын пикир, жеме угуп чоңойгон баланын өзүнө болгон ишеними жоголот. Өзүнө ишенбеген киши чоң ийгиликке жетише албайт.

Маалымат Family is каналынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт