// //

Дыйканга кеңеш: жер семирткичтерди колдонуудагы негизги каталар

2019.04.11, 22:17
2249

«Компаньон Банкы» ЖАК түштүк аймак боюнча демилгелерди өнүктүрүү регионалдык менеджери Сайдулла Бектемиров  жер семирткичтерди колдонуудагы негизги каталар жөнүндө айтып берет.

Дыйкандар органикалык жер семирткичтерди туура эмес колдонгон учурлар көп кездешет. Мисалы, жаңы органикалык жер семирткичтерди кошуу көп сандагы отоо чөптөрдү пайда кылат. 

Чириген кыкты кошуунун оптималдуу мөөнөтү күз мезгили, анткени ал жер менен аралашып, жазга чейин чирип, микроорганизмдерге айланышы керек.

Ошондой эле, дыйкандар жер семирткичтерди топурак менен аралаштырбай сөңгөктүн борборунун төмөнкү бөлүгүн гана ороп, дарактарга туура эмес кам көрүшөт. Туурасы, сөңгөктөн 1-1,5 м радиуста 10 см жер казып, топурак менен аралаштыруу зарыл.

Көпчүлүк дыйкандар бакчанын ичинде эле даярдоого мүмкүн болгон компостун (өсүмдүктүн чириндисин топуракка аралаштырып жасаган семирткич) пайдасы тууралуу билишпейт жана кызыгышпайт.

Эгерде көчөттөр менен мөмөлүү дарактар 4x5, 5x5 схемасы менен отургузулса, анда эки катар менен көчөттөрдүн борборунан 70 см казып компост даярдап койсо, убакыттын өтүшү менен бак-дарактар тамырлары аркылуу жер семирткичтерди алат.

Дыйкандардын негизги каталары:

  1. Органикалык жана органикалык эмес жер семирткичтердин айырмасын билбейт.

Жаңы кык органикалык жер семирткич болуп саналбайт. Себеби, анда отоо чөптөрдүн үрөндөрү арбын жана дарак үчүн көптөгөн ооруларынын булагы бар.

2-3 жыл турган кыкты гана органикалык жер семирткич катары колдонсо болот.

  1. Жер семирткичтерди колдонуудагы каталардын бири – сөңгөктүн астына түздөн-түз киргизүү.

Органикалык жер семирткичтерди сөзсүз эле сөңгөктүн түбүнө киргизүү зарыл эмес, дарактын тулку боюнан 1-1,5 м радиуста 8-10 см жер казып, топурак менен аралаштырып койсо болот.

Ал эми бул жерден бактарды суугарууда эмнелерге көңүл буруу керек экенин окуй аласыз.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт