// //

Төрөбөгөн аялдын кереги эмне, деп кайын энем жолдошумдун мээсин жейт

2019.04.04, 16:34
4224

Bilesinbi.kg окурмандардын суроллоруна тиешелүү эксперттерден жооп алып берет. Анонимдүүлүккө кепилдик беребиз.

Мен төрөй элекмин

Саламатсызбы. Силерден кеңеш сурайын дедим эле. Күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга эки жыл болду. Ошол эки жылдын ичинде эмне гана болгон жок.

Мен төрөй элекмин. Доктурга барып көрүнсөм менде бардыгы жайында экен, анализдерим таза чыкты. Доктур күйөөң да көрүнсүн дейт. Ага келип айтсам, “менде бары сонун, сен төрөгүң келбей ар кайсы шылтоолорду таап жатасың”, - дейт. Мага көп жолу кол көтөргөн. Ойлонуп көрсөм, күйөөмөн балалуу болгум деле келбейт. “Бир нерсе алып берчи, жегим келип жатат”, - деп сурансам, “мен депутаттын баласы эмесмин, акчам жок”, дей берет.

Апам топурагыңды түйүп берем дейт

Кайын энем болсо, “төрөбөгөн аялдын сага кереги эмне”, - деп баласынын мээсин жейт. Мен азыр 18 жаштамын. Мени деле аяп койсо болмок.

Ал эми апама “көңүлүм жок, кетким келип жатат”, - десем, “жашагын, өлүгүң ошол жактан чыксын, болбосо, топурагыңды түйүп берем”, - деп айтат.

Мени түшүнгөн бир досум бар

Мурда чогу окуган классташ балам бар. Россияда көп жылдан бери иштеп жүрөт. Телефон аркылуу дос катары сүйлөшүп турабыз. Бир жолу телефонумдун бузулуп калганын угуп, жаңы телефон сатып ал, деп акча салып жиберген. Бирдигим түгөнүп калса да акча салып турат. “Сени сабаган, баркыңды билбеген адам менен эмне үчүн жашап жүрөсүң? Бишкекке барып иште, оку. Мен сага жардам берем”, - деп айтат.

Чынын айтсам, качып кетким келе берет. Жашоодон тажадым. Менин эч кимге керегим жок.

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун психотерапевти

Саламатсызбы урматтуу окурман. Мен сени түшүнүп турам жана сага аябай боорум ооруп жатат. Сенин жазгандарыңа караганда турмушка 16да, жашың жете электе чыккан окшойсуң. Сен ал кезде али кичинекей кыз элең. Албетте, сен үй-бүлө кандай болот, сүйүү эмне экенин биле элек кезиң болчу. Жолдошуң менен бирге жашап жүрүп деле сүйүүнүн даамын татып, үй-бүлөлүк жашоонун жыргалын көргөн жоксуң. Ошондон улам балалуу да болгуң  келбейт.

Эки жылда абдан кыйналдың. Аргасыз жетилдиң, башкалардын ачуусуна кабылып, ур-токмок жеп, адилетсиздикке туш болдуң. Мында сенин күнөөң жок.

Тилекке каршы мен сага кеңеш бере албайм. Көпчүлүк, чыдап, кандай болбосун үй-бүлө куруп, жашап келишет.

Кетем, деп чечим кабыл ала турган болсоң, өзүңө гана ишенишиң керек. Өз алдынча жашап кете алам. Окуйм, иштейм, өзүмдү-өзүм камсыздайм. Бардык кыйынчылыкты көтөрөм. Мени сүйгөн, сыйлаган, мен да аны сүйгөн жарга туш болуп, бактылуу үй-бүлө курам. Колуман келет, деп көзүң жетсе. Анда башка кеп. Бул чечимди, Россиядагы досуңдун колдоосун күтпөй туруп деле ишке ашыра алам десең, анда кетүүгө толук акың бар. Бирок, көп иштеп, өз алдынчалыкка үйрөнүү керек. Ошого даяр болуу керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт