Келиниң бузуку деген сөзгө ишенип, уулуман айрылдым. Бир эненин баяны
“Билесиңби” жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Редакциябызга келип түшкөн бул эненин катында ушактын айынын уулунан айрылганы айтылат.
Мендей эненин болгонунан болбогону жакшы.
Уулум абдан сулуу жана шайыр бир кызга үйлөндү. Келин көргөнү келгендин баары аны Таттыбүбүгө салыштырышты.
Көп өтпөй айылда “Майраштын (аты өзгөртүлдү) келини солго басат” деген ушактар тарай баштады. Неберелүү болдук, имиштер токтогон жок. Кайда гана барбайын шыбыраган үндөр.
Балам бул тууралуу менин оозуман укту. Күн сайын, “Элдин бетин карай албай калдым, эл айтса калп айтпайт, ажыраш!”- деп мээсин жечү болдум. Кудайдын куттуу күнү үйдө уруш.
Бекзатым (аты өзгөртүлдү) ишенген жок, а мен ишендире бердим.
Ажырашты. Неберемди алып калып, келинимди кууп чыктым. Уулум аялын кыя албай, шаарга жумуштап барганда, аны менен жолугуп турчу экен.
Канча ирет жаныма келип, “Апа, укканыңыздын баары калп, жарашып жашайын”,-деди. Мен, “апаң же ал”,-деп талап койдум.
Келиним турмушка чыгып кетти. Муну уккан балам акыл-эсин жоготкуча ичип келди. Үйдү тапканына сүйүндүм.
Бекзатым түнт болуп калды. Баласы менен да иши жок. Ал күнү үйдө жок элем. Асынып алыптыр...
Өлүмүнө күнөөлүмүн. Келиним экөөнү ажыраштырган мен экенин эч ким билбейт. Өзүмдү жек көрөм. Бул жер жүзүнөн жок болуп кетким келет. Эмне кылсам? Мен туура эле кылдымбы? Элдин баары айтып жаткан эле да...
Ильдар Акбутин, психолог
Чын жүрөгүмдөн кайгыңызга ортоктошмун. Бир гана баласын жоготкон эне кандай азап тартып жатканыңызды түшүнө алат. Үй-бүлөңүз ушундай абалга кептелип калганы абдан өкүнүчтүү. Сиз бирөөнүн пикиринин курмандыгы болуп калдыңыз. Бирок, башкалардын оюу жакындардын өлүмүнө алып келген учурлар чанда кездешет.
Көп учурда бирөөнүн пикирин жакын адамдарыбыздыкынан бийигирээк коюп коебуз. Ал тургай, эмне туура жана туура эмес экенин алардын пикирине жараша өлчөйбүз. Ошондуктан акыл-эсибизди, жакындарыбыздын сезимдерин шыбырагычтарга баш ийдиргенге аракет кылабыз.
Мүмкүн сиз “Эл эмне дейт” деп коркуп жашаган ата-эненин карамагында чоңойгонсуз. Тажрыйба көрсөткөндөй, бирөөгө жагууга аракет кылып жатып, өзүбүз бактысыз болуп калабыз. Тилекке каршы, сиздин жазмышдай.
Өзүңүздү күнөөлөйсүзбү же жокпу, баары бир уулуңузду кайрып албайсыз. Андан тышкары, небереңиз бар экен. Аны бактылуу кылганга аракет кылып, колуңуздан келген сүйүүнү бериңиз. Себеби ал үй-бүлөсүн жоготту. Мындай кылуу менен уулуңуздун жана анын үй-бүлөсүнүн астындагы күнөөңүздү (ажыраштырган) жууй аласыз.
Башка жагынан алып караганда, балаңыз оңунан чыкпаган жашоосу менен эмне кылууну өзү чечти. Кылган иши үчүн жоопкерчилик өз мойнунда. Көп эле үй-бүлөлөр мындай жолдон өтөт, бирок сиз деле макул болот болушуңуз керек, баары эле суицидке бара бербейт.
Күнөө сезимиңизди азайтуу үчүн бул психологиялык ыкманы колдонуп көрүңүз. Балаңызды элестетиңиз же сүрөтүн алдыңызга коюңуз, күнөөңүздү мойнуңузга алып, бекер ажыраштырганыңызды, кылгандарыңыз үчүн азаптуу күндөр менен жооп берип жатканыңызды айтыңыз. Уулуңуз жылмайып, сизди кечирип жана баласына жакшы кам көрүүңүздү суранганын элестетиңиз.
Аны кучактап, коштошуп, катуу сүйөрүңүздү айтып кое бериңиз. Сиздин жашоо андан ары уланат. Эң маанилүүсү кетирген каталарды түшүнүү жана кайталабоо. Боорукер болуңуз, башкалардын көрө албастык менен айтканын жакын кабыл албаңыз. Жүрөгүңүздү угуңуз, ал эмне кылышты билет. Аны сүйүүгө толтурсаңыз, өзүңүзгө болгон жек көрүү кетет.