// //

Үйлөнөбүз деп кыздыгыма тийди. Жигитине алданган кыздын окуясы

2019.03.28, 11:12
5862

“Билесиңби” жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Келип түшкөн каттардын арасынан жигитине алданып калган кыздардын окуялары көп. Ошондой суроолордун айрымдарына психолог Тамара Воронцова жооп берди.  

Үйлөнөбүз деп кыздыгыма тийди

Саламатсызбы! Сүйлөшкөн жигитим "үйлөнөбүз",- деп кыздыгыма тийген. Качан деп сурасам, "эмдиги жылы",-деп жатат. Эмне кылсам болот? Мага кеңеш бериңизчи. 

Психологдон жооп

Саламатсыңбы кымбаттуум! "Кыздыгыма тийди" дегениң абдан кызыктуу сөз экен. Ошондо тийдиби же алып койдубу? Кыязы, ортоңордо жакындык болгон.

Жигитиң кийинки жылы үйлөнөбүз деп жатса, сага сөйкө салып коюшун макулдашып алгыла, ал эми тойду даяр болгондо өткөрүп аласыңар. 

Эгерде ал сага куда түшүүдөн жана үйлөнүүдөн баш тартса, эч чөкпө, демек ал сенин тагдырың эмес. 

Башканы жолуктуруп, сөзсүз бактылуу болосуң!

Дүүлүктүрүүчү дары берип...

Өзүмдөн 5 жаш улуу жигитке алданып калдым. Анын ар бир сөзүнө ишенгем. Бирок, мен ойлогондой болбоду. Кармана албай, намысымдан ажырадым. Көрсө, мага дүүлүктүрүүчү дары берип коюптур. Ошондон кийин эркек дегенди көрөйүн деген көзүм жок. Аларга ишенгим да келбейт. 

Психологдон жооп

Кымбаттуум, канча жашта экениңди жазбапсың. Себеби 15 жашта башка, 30да башка кеңеш берилет.

Эсиңден чыгарба, моралдык жактан кандай болсоң ошол бойдон калдың, жаман болуп кеткен жоксуң. Өткөндү көп ойлоно бербе.

Бизде эркектер жаш кезинен кылган иш-аракетине жооп берүүгө үйрөнүшкөн эмес. 

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Курбуларыңа да айтуунун кереги жок. Бүгүн дос болгон адамың, эртең сатып кетиши мүмкүн. Баарынан жакшысы апаңа айтканың туура болмок. Бирок, айрым учурларда эне менен кыздын ортосунда сырдашуу, бири-бирин түшүнүшүү жок болуп, айыптан башка эч нерсе айтылбайт. Эгер сенде ушундай болсо, сырды өз ичиңде сактаганың оң.

Кийинки жашооң кандай болоору туралуу психологго кайрылып көр. Эң негизгиси, "мен бактылуу болууга татыктуу эмесмин", - деп эч качан ойлобо. 

Сенде баары жакшы болот!

Урматтууу окурман, эгерде суроолоруңузга жооп таппай жүрсөңүз,  www.bilesinbi.kg сайтына же 0704 004 608 ватсап номерине жазсаңыз болот. Биздин адистер бекер кеңеш бергенге даяр.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт