// //

Жолдошума үй-бүлө керек болсо, акыры артыман барар

2019.03.26, 18:14
1221

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Мен 33 жаштамын, 5 баланын энесимин. Биринчи никемен 3 балам бар. Ал жолдошум менен такыр отубуз күйүшпөй койду. Балдар үчүн өмүр бою чайналып жашагым келген жок, ажырашып кеттим. Андан эч кандай алимент кестирген эмесмин.

Эки жылдан кийин азыркы жолдошума турмушка чыктым. Жолдошум биринчи келинчеги менен беш жыл жашап, балалуу боло алышпай, ар ким өз алдынча кетиптир. Экинчи жолдошумдун ата-энеси менен таанышып, алар мени жактырышып, баш кошконбуз. Балдарымдын улуусу уул, менин эркек бир туугандарым жок болгондуктан ата-энем өздөрүнө жаздырып алышкан. Кыздарым мени менен болушчу.

Бирок, үйдөгүлөрдүн кыздарыма болгон катаал мамилеси мага катуу тийип, аларды да таята, таянесине жибергенге аргасыз болдум. Биздин жеке жашообузга кайын эже, кайын сиңдилерим кийлигише берип, көңүлүмдү оорутушат. Жолдошум жоош, мага болуша албайт.

Стресте жашап жүргөндүктөн кийинки эки уулумдун кичүүсү оорулуу болуп төрөлдү. Ал эпилепсик. Улам доктурга көрүнүп жатып буюрса жакшы болуп калды. Эки уулум тең чоң ата, чоң энесине жакын.

Мени ойлонткон маселе: эки кызым. Алар менден алыс болуп, эне мээримине өксүп келатышат. Кыздарым бой жеткенде мамилебиз кандай болот, деп чоочуйм.

Ошондуктан төрт баламды алып, өз алдынча квартирага бөлүнүп кетейин, жолдошума үй-бүлө керек болсо артыман барар деп ойлоп жатам. Ушул чечимим туурабы?

Өзүм жогорку билимдүүмүн, мугалиммин.

Карлыгаш Акимкулова

«Psihoanaliz.kg» психоанализ борборунун психотерапевти

Сиздин сурооңүзга бир өңчөй жооп берүү мүмкүн эмес. Жашооңуз чаташып калган. Бала-чака, жолдошуңуз, үй-бүлө, ооруган бала, ата-энеңиздин колундагы 3 бала, жеке жашоого кийлигишкен туугандар.  

Албетте, ата-энеңиз менен жашап жаткан 3 баланын алдында абийириңиз тынч койбой, сизди жеп жатат. Чындап кыйналып жатасыз. Жашооңуздагы баш аламандыкты чечип, бардыгын өз ордуларына жайгаштыруу зарыл.

Биринчиден, сиздин үй-бүлөңүз бар. Бул сиз, сиздин 2 уулуңуз жана жолдошуңуз. Кандайдыр бир маселе боюнча, алгач кеңеше турган адамыңыз - бул сиздин жолдошуңуз. Эгер аны менен бирге өз алдынча жашап, кыздарды жаныңарга алып келүүнү чечсеңер, анда так ошондой болууга тийиш.

Экинчиден, туугандарыңыздын сиздин үй-бүлөңөргө кийлигишүүсүн токтоткула.

Үчүнчүдөн, эмне үчүн кыздарды жаныңарга алып келгиңер келип жатат? Алардын алдында өзүңөрдү күнөлүү сезип жатканыңыз үчүнбү? Балким, аларга таята, таенеси менен жашаган көбүрөөк жагат. Балким, алар берип жаткан мээримди, көңүлдү, кам көрүүнү сиз бере албайсыз? Эгер балдарыңыз эс тартып калган болсо, алардын да пикирин, ата-энеңиздин да пикирин эске алуу керек.

Төртүнчүдөн, канчалык деңгээлде сиз үй-бүлөңүздү материалдык жактан камсыздай аласыз? Мугалимдин айлык-акысы көп эмес. Сизге жардам бере турган кимдир-бирөө барбы?

Азыркы тапта, башкысы, эмоцияга алдырбай, бардыгын тең салмактап, бардыгынын комфортун эске алып, туура чечим кабыл алуу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт