// //

Апам башканы сүйөт, бирок атам менен жашайт. Окуучу кыздын баяны

2019.03.24, 14:24
8990

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында апасынын башка эркек менен жүрүп жатканы айтылат.

Баары атам сапарга кеткенде башталат

Салам bilesinbi.kg! Мен 17 жаштамын, быйыл мектепти бүтөм. Силерге көптөн бери ичимде катып жүргөн сырымды айтып берип, кеңеш алгым келди. 

Үйдүн кичүүсүмүн. Улуу байкем үйлөнгөндөн кийин өзүнчө бөлүнүп кеткен. Эжем Россияда иштейт. Аларга канча жолу айтайын дедим, бирок батына албай койдум.

Атам айдоочу, айылдан шаарга элдерди ташыйт. Апам үйүбүздүн алдындагы дүкөндү иштетет. Баары атам сапарга кеткенде башталат...

Үйдөн бир кишинин үнү угулат

Акыркы күндөрү апамдын колунан телефону түшпөй калган. Дүкөнгө кирип алып, эки-үч саат бирөө менен сүйлөшүп отура берет. Башында курбусу го деп анчейин деле маани берчү эмесмин. Бирок, андай эмес экен.

Ал күнү эжейибиздин сиңдиси каза болуп, бизди сабактан эрте бошотту. Классташтарым, "жүргүлө сейилдеп келебиз",-деп тоого кетишти. А мен үйгө жөнөдүм.

Дүкөндөн кирип кетейин деп эшигин тартсам бек экен, дарбазаны тыкылдатсам эч ким чыкпайт. Апам дагы эле уктап жатабы деп короодон ашып түштүм.

Үйдөн бир кишинин үнү угулат. Атам келип калганго деп терезени карасам, апам бир бейтааныш адам менен чай ичип отуруптур. Ачуум менен кирип барсам, экөө алайып туруп калды. Апам акактанып, классташы экенин айтты. Тигиси шашып-бушуп сыртка чыгып кетти. Унчуккан жокмун.

Апам бирөөгө сүйүүсүн билдирип жатыптыр

Эртеси атам келди, апам өзгөрө түштү: атамдын көңүлүн алып, тамагын берип, акыбалын сурап. 

Дааратканага баратсам, апам тамдын аркасында телефон менен сүйлөшүп жатыптыр. Акырын тыңшасам, бирөөгө сүйүүсүн билдирип, "эки-үч күндөн кийин шаарга товарга барам, ошондо жолугалы", -деди.

Ошол күндөн бери уйкум качты. Атама боорум ооруйт. Ага айтсам, апамды жөн койбойт, айылга шерменде болобуз. Эмне кылсам болот? Мага кеңеш бериңизчи.

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум, апаңыз күйөөсү болгонуна карабай, башка эркек менен жүрүп жатыптыр. Албетте, андай болбошу керек, мындай жүрүм-турум үй-бүлөнүн бүт маанисин жок кылган адеп-ахлаксыз көрүнүш.

Баш кошуп жатып, ар бир түгөй көйгөйлөр жөнүндө ойлонбой, сүйүүлөрү түбөлүк болооруна ишенишет. Убакыттын өтүшү менен, белгилүү бир себептерден улам күтүлбөгөн жагдайлар пайда болот.

Келиңиз, чечим чыгаруу укугун ата-энеңиздин өзүнө берели. Албетте, апаңыздын башка менен мамиле түзгөнүнүн, эмне үчүн атаңыздан кетпей жүргөнүнүн себептери бар ( аны билбей туруп, бир нерсе деш кыйын). Эгерде атаңыз менен апаңыз эмне гана болбосун бирге жашап жатышса, анда ошондой болушу керек, муну тагдыр деп коёт.

Апаңызга эч нерсе деп айтпаңыз, өзүңүздүн жашооңуз кандай болоорун билбейсиз. Эч кимди айыптабаңыз!

Өзүңүзгө убакыт бөлүңүз, билим алыңыз, жактырган нерсеңизди жасаңыз жана башка дегендей.

Эртедир-кечтир сиз дагы үй-бүлөлүү болуп, ата-энеңизден кетесиз. Баары ордуна келип, алар карылыкты чогуу тосуп калат деп ишенели. Эгерде апаңыз жаңы үй-бүлө куруу жөнүндө чечим кабыл алса, бул анын жашоосу, ага укугу бар.

Ар ким өзү үчүн жооп берет. Анан да, атаңызга эч нерсе дебей эле коюңуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт