// //

Кызганат - демек сүйөт дегендик эмес!

2019.03.20, 17:53
4313

Саламатсызбы, менде бир көйгөй бар. Күйөм менен баш кошконубузга 3 жыл болуп калды. Бизде бардыгы жакшы, болгону мен кызганчакмын. Күйөмдү бардыгына кызгана берем. Кээде жөн жерден уруш чыгарам. Туура эмес кылып жатканымды түшүнүп турам. Эмне кылыш керек, жардам бергилечи?

Bilesinbi.kg кызганыч деген эмне, анын кандай түрлөрү болот жана аны менен кантип күрөшүү керек экенин психолог Татьяна Коноваловадан сурады.

Кызгануу – бул сүйүү эмес

Кызганыч бул адамдын акыл-эсин басып алган, укмуштуудай күчкө ээ болгон сезимдердин бири. “Сүйгөн үчүн кызганат да” деген сөздү көп эле уксаңар керек. Бирок, бул чынында ушундайбы?

Кызганычты сүйүүгө теңеген туура эмес. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Сүйүү - бул эркиндик, марттык, боорукерлик. Ал эми кызганыч - бул коркуу, ач көздүк, өзүн башкалардан кем сезүү. Себеби, кызганчак киши анын жолдошу өзүнөн да жакшы бирөөнү таап алат деп корко берет.

Мамилени кызыткан кызганыч

Кызганычты - ар дайым эле көйгөй жаратат деп айтуу туура эмес. Мамиле жаңыдан гана түзүлө баштаганда кызганыч оюн катары кабыл алынат. Бул сезим аркылуу өзүбүзгө жаккан адамыбыздын биз үчүн маанилүү, биздин жашообузда орду чоң экенин билдиребиз. Кээде, узак убакыт бою бирге болгон түгөйлөрдүн бири-бирине болгон сезимдери сууп калат. Андай учурда да кызганычтын жардамы менен сүйүү жанданышы мүмкүн.

Кызганычтын чеги

Ошондо, кызганычтын чеги кайсы жерде? - деп сурашыңар мүмкүн. Мен мындай деп жооп берем: эгер кызганыч сиздин жашооңузга терс таасирин тийгизбесе, акыл-эсиңерди толугу менен ээлеп, жан дүйнөңөрдү кыйнабаса - демек бардыгы жайында.  

Ал эми ортодогу ишеним жоголуп, жолдошуңарды же жубайыңарды ак жеринен шекшип, ар бир кадамын көзөмөлгө алган, бул таптакыр башка көрүнүш. “Эмне үчүн телефон албай жатасың?”, “Кайда баратасың?”, “Качан келесиң?”, “Бирөөнү таап алган окшойсуң?”, “Бул досторуң же курбуларың менен сүйлөшпө” деген суроолор эки тарапты тең кыйнап жиберет. Акырындык менен ортодогу нааразычылык улам курчуп отуруп, кейиштүү натыйжаларга алып келет. Кызганыч ооруга айланып, мамилени, үй-бүлөнү талкалайт.

Мындай мамилени улантуу керекпи же жокпу? Аны ар бир адам өзү чечет. Бирок, жаныңдагы адамды өзгөртүү үчүн алгач өзүбүз өзгөрүшүбүз зарыл.

Кызганычты жеңүү

Кызганычты жеңүү үчүн, түгөйүңөр менен ачык сүйлөшкүлө. Бири-бириңерге болгон ишенимди жараткыла, жана аны жоготпогонго аракет кылгыла.

Ортодогу сүйүүнү, сыйды барктагыла жана сактагыла. Негативдүү ойлоруңар мээни толугу менен ээлеп алса, жаныңарда болуп жаткан жакшы нерселерди байкабай каласыз.

Айымдар, өзүңөргө көңүл бөлгүлө! Күндө сырткы келбетиңерге кам көрүп тургула. Жан дүйнөңөрдү да унутпагыла. Кызыктуу кино көргүлө, китеп окугула. Өзүңөрдүн хоббиңиз менен алектенгиле. Жашоо абдан кызыктуу, бирок кыска. Мындай керексиз нерселерге аны коротуунун зарылчылыгы жок.

Өз алдынча бул маселени чече албасаңар психолог же психотерапевтке кайрылгыла.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт