// //

Кайын журтум "жетим" деп жээриген

2019.03.18, 15:52
1359

Кайын журту жетим деп жээригенинен жолдошу менен ажырашкан келиндин катына Bilesinbi.kg психотерапевттен кеңеш алып берди.

Саламатсызбы урматтуу редакция. Мен психологдун кеңешине муктажмын. Турмушка чыгып, жолдошум менен бактылуу жашап жатканбыз. Бирок биздин жеке жашообузга ар ким кийлигише берип, ортобуздагы мамилени, ынтымакты ыдыратышты. Ата-энем жок болгондуктан, коргогон, таяна турган кишиси жок деп, билген намазын окушту. Күйөм жөнү жок эле кол көтөрчү болуп калды. Боюмда болгондуктан, балалуу болсок өзгөрөт деген үмүт менен чыдап жашадым. Тилекке каршы, жолдошум оңолмок тургай ого бетер күчөдү. Күйөмөн көңүлүм аябай калды. Кичинекей кызымды алып, кетип калдым.

Убакыт өттү, кызымды өзүм чоңойтум келатам. Азыр менин колумду сураган жигит бар. Ал: “Мага турмушка чык, үйлөнөлү, бирге бололу. Мен сени сүйөм, сенсиз мага жашоо жок”, - деп жатат. А менин эркектерден көңүлүм калды, корком. Эмне кылышым керек?

Карлыгаш Акимкулова

Psihianaliz.kgпсихоанализ борборунун психотерапевти

Саламатсызбы, урматтуу айым. Өзүңүздүн көйгөйүңүз менен бөлүшкөнүңүз үчүн рахмат. Үй-бүлөңүздүн бузулганы абдан кейиштүү. Балким, сиз кыйынчылыктарга моралдык жактан даяр эмес болгонсуз. Мында сиздин күнөөңүз жок. Болоор иш, болуптур. Сиздин мурунку жолдошуңуз, сизди бакытылуу кыла алган жок. Ата-энеңиздин жоктугу да, таасирин тийгизди. Сизге кеңеш берип, канаты менен калкалап алчу кишиңиз жок болуп калды. Башыңызга түшкөн кыйынчылыктарды өзүңүз жеңип келе жатасыз. Албетте көңүлүңүз калып, жүрөгүңүздө жарат бар.

Бирок, сиз тажрыйба топтодуңуз, өзгөрдүңүз. Жашооңуздагы оор күндөр сизди чыйралтты. Көз карандысыз, чечкиндүү жана эрктүү болгонду үйрөндүңүз. Кызыңызды өз алдынча өстүрүп жатасыз. Мурунку алсыз, жалтак аял жок. Сиз эми акылдуу, өзүнүн күчүнө ишенген инсансыз.   

Адам канчалык алсыз болсо, ошончолук көп киши аны таарынткысы келет, алсыздыгынан пайдаланат. Менин оюм боюнча, сиздин башка адам менен кура турган мамилеңиз мурункудай болбойт. Сиз мындан ары өзүңүздү кемсинтүүгө, басынтууга, кол көтөрүүгө, сиздин жашооңузга кийлигишүүгө жол бербейсиз.

Бир эркекке болгон таарынычыңыз, баардык эркектерге тиешелүү болбош керек. Эркектердин бардыгы бирдей эмес. Сизге сөз айтып жаткан жигит менен жакшылап таанышыңыз. Шашпаңыз. Анын жашоого болгон көз карашын, принциптерин, табитин билиңиз. Ал канчалык деңгээлде өзүнө жоопкерчиликти ала алат?

Эгер сизге бардык тарабы жагып турса, албетте баш тартпаңыз. Сиз бактылуу жашоого татыктуусуз.

Ал эми жан дүйнөңүз кыйналып, таарынычтарды кече албай турсаңыз, психологго кайрылыңыз.

Сизге бакыт каалайм!

 

Достор, сиздин да жашооңордо кыйынчылыктар болсо, бизге кайрылгыла. Психологдон кеңеш алып беребиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт