ЗИЛ автоунаасы барларга жөлөк пул чектелбейби?
Саламатсызбы! Мен Нарын облусунун Жумгал районунда турам. 5 балам бар, жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз. Жөлөк пул алайын десем, ден соолугуна байланыштуу Токмокко көчүп кеткен кайын инимдин 1989-жылкы ЗИЛине шылтап чыгарбай жатышат. Машина өзүнчө жашаган кайын энемдин үйүндө токтоп турат. Айылда малдарын бирөөлөргө каттап жөлөк пул алып жатышат. Бизге окшогон карапайым эл алалбай жатат. Деги эле, жөлөк пул алуу үчүн канча мал катталыш керек?
Айкөл Турганбаева
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоодо мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
Эгер үй-бүлөдө иш абалындагы жеңил, чарбалык, жүк ташуучу унаалар жана автобус бар болсо, жөлөк пул чектөөдө алар эске алынат.
Бирок, кайын иниңиз өзүнчө жашаса, унаа кайын энеңиздин үйүндө токтоп турса, жолдошуңуз аны иштетпесе, машинанын силерге тиешеси жок болуп саналат.
Мал боюнча сурооңузга жооп бере кетсем, үй-бүлөдө болгон айыл чарба жандыктары МЖдынын (майда жандыктардын) шартуу бирдиктерине которулгандан кийин, МЖдынын саны үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 4төн көп болсо жөлөк пул дайындалбайт.
- 1 уй – 6 Ж (жандык)
- 1 кунаажын – 4 Ж
- 1 торпок – 2,5 Ж
- 1 өгүз – 6 МЖ (майда жандык)
- 1 жылкы- 7 Ж
- 1 бука – 8 МЖ
Мисалы, 5 адамдан турган үй-бүлөдө 1 өгүз, 1 кунаажын, 3 кой бар дейли. Эми эсептеп көрөлү: 1 өгүз=6 МЖ, 1 кунаажын=4 Ж.
Баары: МЖ: 6+4+3+13 жандык. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө туура келет: 13 МЖ:5=2,6 МЖ.
Демек, бул үй-бүлө жөлөк пул ала алат, себеби МЖ ар бир үй-бүлө мүчөөсүнө төрттөн аз болду.
Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! Байланыш телефону: 0312 30 01 26.