// //

Социалдык тармакта атымды колдонуп уят сүрөттөрдү киргизип жатат

2019.03.15, 09:56
1051

Саламатсызбы! Бирөө таанышымдын атын колдонуп социалдык тармакка уят сүрөттөрдү киргизип, жаман сөздөрдү жазып жатыптыр. Кимге кайрылса болот? Ал адамды кантип тапсак болот? Таанышым ыйлап жатат. Рахмат! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.03.2019, 10:04

Нурислам Раимжанов 

Юрист 

Урматтуу окурман, таанышыңыз кабылган көйгөй бүгүнкү күндө көп адам кабылчу маселелердин бири. 

Социалдык тармакка катталууда, ал жака сүрөт киргизүүдө ушул сыяктуу көрүнүштөргө даяр болуулары керек. Сиздин таанышыңыз сүрөттөрдү же баракчаны өчүрүү үчүн ошол социалдык тармактын администрациясына “Служба поддержки” бөлүгүн таап арыз менен кайрылсын. Эгерде кайсыл социалдык тармакта экендигин так айтсаңыз кенен түшүндүрүп берүүгө аракет кылмакмын. 

Ал адамды табуу маселесине токтолсок, эгерде ал адамдын сөздөрүндө кылмыштын курамы жок болсо, табуу кыйын. Эгер кылмыштын курамы болсо, таанышыңыз милицияга арыз менен кайрылса болот.
Ийгилик! 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт