Социалдык тармакта атымды колдонуп уят сүрөттөрдү киргизип жатат
Саламатсызбы! Бирөө таанышымдын атын колдонуп социалдык тармакка уят сүрөттөрдү киргизип, жаман сөздөрдү жазып жатыптыр. Кимге кайрылса болот? Ал адамды кантип тапсак болот? Таанышым ыйлап жатат. Рахмат!
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, таанышыңыз кабылган көйгөй бүгүнкү күндө көп адам кабылчу маселелердин бири.
Социалдык тармакка катталууда, ал жака сүрөт киргизүүдө ушул сыяктуу көрүнүштөргө даяр болуулары керек. Сиздин таанышыңыз сүрөттөрдү же баракчаны өчүрүү үчүн ошол социалдык тармактын администрациясына “Служба поддержки” бөлүгүн таап арыз менен кайрылсын. Эгерде кайсыл социалдык тармакта экендигин так айтсаңыз кенен түшүндүрүп берүүгө аракет кылмакмын.
Ал адамды табуу маселесине токтолсок, эгерде ал адамдын сөздөрүндө кылмыштын курамы жок болсо, табуу кыйын. Эгер кылмыштын курамы болсо, таанышыңыз милицияга арыз менен кайрылса болот.
Ийгилик!