Косметолог кесибинин келечеги барбы?
Врач-косметолог болуш үчүн эмне кылуу керек, кайсы окуу жайга тапшырам? Кеңеш бериңизчи?
Асель Алымбаева
Врач-косметолог
Албетте, кесипкөй, медициналык билими бар косметологдорго суроо талап, күндөн-күнгө өсүп келет. Бул кесисптин келечеги бар. Себеби, өзүнө кам көрүп, сулуу, сымбаттуу болгусу келген адамдар көп.
Биринчиден бул кесипти абдан жакшы көрүү керек. Экинчиден медициналык билим алуу – бул милдеттүү шарт. Ал үчүн Медициналык академияга тапшырып, дерматовенерология кафедрасын тандоо зарыл. Бирок академияны бүтүрүп коюп эле отуруп калбастан, кесипкөйлүктү жогорулатып туруу үчүн тынымсыз курстарга, семинарларга, симпозиумдарга, конференцияларга катышып, чет өлкөдө өткөрүлгөн көргөзмөлөргө жана лекцияларга барып туруу керек.
Бизде 3 айлык курсатрды окуп, косметолог-эстетист боло калам деп ойлошот. Албетте, мындай косметологдор бетке маска коюп, массаж жасап, бетиңерди тазалап бере алат. Бирок, алар баш сөөктүн, булчуңдардын, кан тамырлардын, нерв системасынын түзүлүшүн, теринин түрлөрүн билишпейт. Бул нерселерди медициналык окуу жайларда гана окутушат.
Азыр XXI кылым, лазердик, аппараттык, иньекциялык процедураларды жасоо үчүн косметологдор техника менен да иштегенди билүүсү зарыл.
Ийгилик каалайм!