// //

Азылкул апа жакырчылыктан кантип суурулуп чыкканын айтып берет

2019.03.08, 16:18
3176

Алтымыш жаштын суусун ичип жаткан Азылкул Кыдырбаева оюн ортого салып, максаттары жөнүндө кеп кылды.

Жетишпеген турмуштун айынан пенсияга чыгып алып иштеп жүрдүк

Жайы салкын, кышы жылуу Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөм. Балалыгым, окуучулук күндөрүм аталган аймакта өттү. Бой жетип классташыма турмушка чыктым. Күйөөм совхоздо, мен мектепте мугалим болуп иштедим. Бала-бакыралуу болдук. Жашырганда эмне, жетишпеген турмуштун айынан пенсияга чыгып алып иштеп жүрдүк. Аймактын тургундары мал-чарбачылык менен оокат кылышат. Биздин да мал курсак деген тилегибиз бар болчу. Бирок, арзыбаган айлыгыбыз ага мүмкүнчүлүк бербеди.

Эзели карыз алып көрбөгөн жаныбыз...

Жолдошум экөөбүз кеңешип насыя алууну чечтик. Ошол учурда эл ичин насыя берүүчү кичи компаниялар каптап баштаган. Алгач, насыя алып иши жүрүшпөй жүргөндөрдү көрүп чочуладык. Банктар жөнүндө маалымат топтой баштадым. Эзели карыз алып көрбөгөн жаныбыз коркконубузга карабай “Айыл Банкка” барып 50 000 сом алдык.

Чарбада 20дан ашуун уй-жылкы бар

Акчабыз ак жолтой болуп, 1 тубар бээ сатып алдык. Насыяны пенсиянын эсебинен төлөп, айлыгыбызды бээни бактырганга жумшадык. Кийинки жылы уй сатып алдык. Жыл сайын насыяга мал алып, төлдөтүп көбөйтүп жаттык. Бутубузга тура баштадык. Балдарыбыз да насыяга мал курап, унаалуу болушту. Учурда небере тарбиялап, уулдарыбыз менен  чарбадагы жыйырмадан ашуун уй-жылкы жана кырктан ашуун майда жандыктарды асыроо менен алекпиз.

Там салсак деген ниетибиз бар

Алдыда малдын башын дагы көбөйтүп, там салсак деген ниетибиз бар. Албетте бул максатыбызды “Айыл Банк” менен бирге ашырсак жеңил болот. Корообузда эч нерсе жок кезде Банктын жардамы менен мал жандуу болуп, жакырчылыктан суурулуп чыктык. Банктын ишеничин актап, насыяны өз учурунда төлөп жаттык. “Айыл Банкты” тандаганыбызга өкүнбөйбүз. Жалпы жамаатына жана жетекчилигине чексиз ыраазыбыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт