// //

Теннис оюнчусу болгум келет. Эмнеден башташым керек?

2019.03.05, 16:18
1951

Теннис оюнчусу болгум келет. Мага спорттун ушул түрү боюнча маалымат бере аласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2019, 16:22

Владимир Борисов

Теннис боюча машыктыруучу

Теннис менен машыгуу ден соолукка абдан пайдалуу. Бул спорт тынымсыз кыймылда болууну талап кылат. Бардык булчуңдар иштейт. Ошондуктан мүчөнүн көрктүү болушуна көмөктөшөт. Чоң теннисте укмуштуудай адреналин бөлүнүп, терс эмоциялардын баары чыгат.

Теннис менен машыгууну жазында баштаган оң. Колдон келсе, жумасына 3 жолудан кем эмес.  

Стандарттуу темп менен машыгып отурса 6 айдан кийин толук кандуу оюнга катыша аласыз. Бирок, алгачкы 2-3 ай өтө монотондуу жана кызыксыз. Каалоочулардын көбу ушул этапта эле теннистен баш тартышат.

Баалар:

  • Машыктыруучунун кызматы саатына – 300дөн 1000 сомго чейин.
  • Теннис аянтчасын ижарага алуу саатына – 100дөн 800 сомго чейин.
  • Айымдардын формасы – 12 000ден 15 000 сомго чейин.
  • Мырзалардын формасы – 5000-6000 сом.
  • Атайын теннис үчүн кроссовкалар – 5000ден 12 000 сомго чейин.
  • Ракетка эскиси – 2000 сомдон жогору, жаңысы 10 000 сомдон 300$ чейин.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт