// //

Өзүмдү эч кимге кереги жок буюмдай сезем

2019.03.04, 17:48
2068

Bilesinbi.kg сайты сиздин каттарыңызга кесипкөй психологдордон жооп алып берет. Анонимдүүлүккө кепилдик беребиз.

Саламатсызбы. Мен 17 жаштамын. 3 бир тууганмын. Атам, апам бар. Учурда 10-класста окуйм. Акыркы учурда менин өзүмө болгон ишеним жоголуп бараткандай сезилет. Эч кимге кереги жок буюмдаймын. Эч нерсе жакпайт, эч нерсеге кызыкпайм, сабагымды да окугум келбейт. Кичинекей инимди айыбы жок болсо деле урушуп салам. Таш боор болуп баратам. Ата-энемдин урушканын көрүп жиним келет, кыйналгандарын көрүп кайра боорум ооруйт.

Мурун мындай эмес элем. Аябай сүйлөөк, тамашакөй болчумун. Адамдар менен дароо тил табышып кетчүмүн. Эмне болуп жатканымды билбейм. Музыка уксам гана кичине эс ала түшөм. Кыялдын дүйнөсүндө жашайм.

Мага жардам бериңизчи, мен өзгөргүм келет.

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун психотерапевти

Урматтуу окурман!

Сенин катыңды окуп, кандай сезимдерге туш болуп жатканыңды жакшы түшүнө алган жокмун. Балким, сенин жашооңдо бир нерсе болгондур, ошондон улам сенин мүнөзүң өзгөрүп жаткандыр.  

Эгер мурда шайыр, башкалар менен тез тил табыша билген адам болуп жүрүп, эми 100 пайыз өзгөргөнүңдө кандайдыр бир олуттуу себеп бардыр? Же кимдир бирөөдөн көңүлүң калган. Сен ошол адамга өз таарынычыңды ачык айта албай, бей күнөө адамдардан (мисалы кичинекей иниңен) ачууңду чыгарып жатасың. Жакшылап ойлонуп көрчү? Сен чынында кимге жиниң келип жатат? Ким сени таарынтты?

Эгер ойлонуп көрүп түшүнсөң, дароо жеңилдей түшөсүң. Ал эми ойлоруң чаташып, ички дүйнөңдү аңдай албай жатсаң - күндөлүк жаз.  Ал жака өзүңдүн ой-толгоолоруңду, сезимдериңди жазып, өзүң менен өзүң сүйлөшүп, башаламан ойлоруңду ирээтке келтирип аласың.

Балким сен өзүңдүн кыялыңдагыдай адам боло албайм деп чоочулап, бардык нерседен баш тартууну оңой жолу катары көрүп жаткандырсың. Ошого өзүңө жиниң келип жатат. Ошон үчүн эч ким менен сүйлөшкүң келбейт.

Жакын курбуңа же тууганыңа ички сезимдериң тууралуу айтып бер. Алардан кеңеш сура, колдоосуна муктаж экениңди айт, жакындарыңдын жардамынан баш тартпа.

Музыка укканың жакшы, музыка жан дүйнөнү тазартат, дарылайт. Бирок, реалдуулуктан качып кете албайсың.

Ачууланганың, ыйлаганың, кайдыгер болгонуң  - бул нормалдуу көрүнүш. Сен тирүү жансың, сенде түрдүү сезимдер болот. Болгону ошол эмоцияларды башкарууга үйрөнүү зарыл.

Анан албетте, өзүңдүн милдеттериң тууралуу унутпа. Булар: окуу, кичүүлөргө кам көрүү, улууларга жардам берүү.

Мүмкүнчүлүгүң болсо психологго кайрыл. Ал сага жардам берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт