// //

Простатитти өз алдынча дарыласа болобу? Уролог айтып берет

2019.03.04, 10:01
10018

Улуттук госпиталдын алдындагы урология борборунун дарыгери Канатбек Казымбеков простатиттин белгилери жана дарылоо жолдору жөнүндө айтып берет.

Простатит - 25-30 жаштан 45-50 жашка чейинки эркектердин жыныс безинин сезгениши.

Себептери

Простатиттин өнүгүшүнө организмдеги инфекциялык оорулар түрткү болот. Мисалы, эркек өздүк гигиенаны сактабаса, инфекциялар заара түтүкчөсүнүн каналында калып калат. Кийин суук тийгенде, стресс болгондо же кандайдыр бир башка себептерден улам оору күчөп простатитке айланат.

Белгилери

  • Жумуртка бези тартышып ооруйт, муздайт
  • Бат-баттан заара ушатат
  • Каналдын ичи ачышат
  • Табарсыктын үстү, бел менен омурткалар ооруйт.

 

Дарылоо жолдору

  • Жыныс безинин чукул сезгенишинен улам пайда болгон курч простатитти консервативдик жана операциялык ыкмалар менен дарылайт. 
  • Тубаса простатитте антибиотиктер, ийнелер жана физикалык дарылоо колдонулат. 

Алдын алуу 

Простатитти алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоо керек! Өз алдынча дарыланууга тыюу салынат. Белгилери байкалса дароо урологго кайрылуу кажет. Болбосо, жыныс алсыздыгына же тукумсуздукка алып келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
К
Койлубай Каныбек уулу
12.04.2019, 20:12

Мен курч бруцеллез болуп 14 күн дарыланып чыктым. Чыгаарда кудум простаттин белгилери пайда болду,  уялып эчкимге айтпадым. Оору башталганына 4.5 күн болуп калды. Бруцеллез простатти да пайда кылат дешкен. Сураныч жооп берсеңиз дер дарыласа болобу? И канча күндө? Жашым 24тө үйлөнө  элекмин балалуу болбой каламбы деп катуу ойлонуп жатам.0700 659 520

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт