// //

“Апа, мен келин болгум келбейт!”. Бир кыздын арманы

2019.03.02, 13:18
13497

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын баяндап келет. 

Бул жолку чыгарылышта, жаш окурманыбыздан келип түшкөн катты жарыялайбыз. 

- Ай кыз тур, минтип жата берсең, кандай келин болосуң!?

- Апа, дагы баштадыңызбы.

- Тур, тамак жаса, кийин кайын энең “апасы эч нерсе үйрөтпөптүр”,- дейт.

- Дайым ушинте бересиз.

- Тур, тур!

“Сен деген болочок келинсиң” деген сөздү бир күндө миң жолу угам. Кылган ар бир ишим көзөмөлдө. Өзүмдү үйдө эмес, болочок келиндерди даярдаган мектепте жүргөндөй сезем.

2-курста окуйм. Келечекте турагент болом. Эл көрүп, дүйнө кыдырсам деген тилегим бар. Бирок, бул кыялым апама жага бербейт.

Чоңойгон сайын, “кызың бой жетип калыптыр, качан той жейбиз” дегендер көбөйдү. Таенем келип апама “Кызыңды катуу карма” деген темада лекция окуп кетет. Дагы жакшы, атам мен тарапта.

- Жами болду да эми, байкуш кызыбыздын мээсин жеп бүттүң.

- Болбойм-этпейм эле, эч нерсе билбей отурса, кайын журту эртеси эле жеткирип берет. Анан элдин бетин кантип карайбыз.

- Өзүң билчи, сөз укпайт экенсиң го...

- Жаман болсун деген жокмун, кыздын барар жери күйөө.

Чыдабай кеттим...

- Апа, мен жакын арада турмушка чыкпайм. Кошунабыз Гүлсүн эжедей болгум келбейт. Күйөөсүнө кошуп, алардын туугандарын багып, кирлерин жууп, тамак жасап эле жүрөт. Ыраазы болуп, Гүлсүн эжени бөпөлөп жатышабы? Кечээ көрдүңүз, күйөөсү дагы ичип келип, жаңжал чыгарды. Балдары жарым жалаңач, жарым ток. Алар менен атасынын иши жок. Таң эрте чыгып алып, өзүнө окшогон жолдоштору менен көчөнүн башында карта ойноп отурат.

Ал эми кечээ базардан оор пакет көтөрүп түшкөн аялдарды көрүп бооруңуз оорубады беле. Көздөрүнүн нуру өчкөн, жүдөө, кыялдарына өз колдору менен балта чаап коюшкан. Баары бекерпоз күйөөсү үчүн да, туурабы? Мен алардай болгум келбейт.

“Кайын энең антет, күйөөң минтет” дей бересиз. Жаш кезимден келин болууга үйрөтөсүз. А мен билим алып, тил үйрөнүп, сыртка чыксам дейм.

Бирөөгө көз каранды болгум келбейт, апа. Кызматчы келин болгум келбейт, апа. Бирөө үчүн эмес, бир келген жашоомо өзүм ээ болуп жашагым келет, апа. Мени түшүнгөн, көз караштарыбыз дал келген адамга жолуксам дейм.

Апа, мен бактылуу болгум келет...

Анан да, сиздей тамак жасаганды үйрөнгүм келет, бирок өзүм үчүн.

Ыйлап бөлмөмө кирип кеттим. Эртең менен турсам апам жанымда отуруптур.

- Турагой, бети-колуңду жууп, тамак ичип, сабагыңа жөнө. Жакында экзамендериң башталат. Болбосо, өзүң айтып жаткан тиги турагенствого стажировкага өтө албай каласың.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт