// //

Көрсө, күйөөм сойку экен

2018.08.10, 16:13
5839

Өзүмдү жемелеп, ызаланып сөздү эмнеден баштаарымды билбей турам.

2016-жылдын август айында мени ала качып кетишти. “Олтурбайм, жашабайм” деп каршы болгонума карабай, ата-энем “эл эмне дейт?” деп олтургузуп койду. Күйөөм өчү бардай нике түндүн эртеси эле жээрий баштады. Ал аз келгенсип, кайын энем, кайын эжем, кайын сиңдим мени батырган жок. Үч ай чыдап жашадым. Акыры кийимимди алдым да, чыгып кеттим. Көрсө, жолдошум сүйлөшүп жүргөн кызын алам десе апасы каршы болуп, мени алып качып келиптир. Ошондо өзүнө “мен баары бир муну менен ажырашып, сүйгөнүмө үйлөнөм” деп сөз берген экен.  Мен кеткенден кийин 5 күн өтпөй, тиги кызына үйлөндү.

Экинчи турмушум деле мен ойлогондой болгон жок. 7 ай сүйлөшүп, баарын түшүнүшүп турмуш баштаганбыз. Ал аябай камкор, түшүнүктүү болчу. Көрсө, мунун баары көргөзмө экен. Үй-бүлөлүк жашоо башталганда чыныгы жүзү көрүндү. Күйөөсүнөн ажырашкан бай аялдарга интимдик кызмат көрсөтүп, арам акча тапчу экен. Мен анысын билген эмесмин. Күндө аялдар чалат. “Жубайы болом, чалбагыла болду” десем, мени урат. Ар күнү уруш, талаш-тартыш. Бир айдан кийин ажырашууга туура келди.

Азыр өзүмдү-өзүм жемелеп, өлүп алгым келет. Мен курбуларымдан алдыда элем, эми минтип  уят болуп турам. Элдерге аралаша албай, кысылып өзүмдү жек көрүп жүрөм. Баары мени ушактап жаткандай сезилет. Мага кеңеш бериңиздерчи!

Тынчтыкбек Бакытов, психолог

Урматтуу айым, ишенич артып бизге жазганыңыз үчүн рахмат! Катыңызды окуп абдан кайгыга батып жатканыңызды байкадым. Биз адам болгондон кийин жашоодо ар кандай жагдайлар болот. Сиз артта калган күндөрдү эстеп, унута албай ыза болот окшойсуз.  Алдыга кадам таштап, буга чейинки болгон адамдарды, окуяларды унутуп салуу абдан туура болот.

Досторуңуздун алдында эч кандай уят болгон жоксуз, анткени чыныгы достор ар дайым жаныңызда болот. Балким, алар сиз жөнүндө жагымсыз сөз айтса анда чыныгы достор эмес. Өкүнүп, уялып отура бергенден эч пайда чыкпайт. Кыргыздарда сонун сөз бар: “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Ошондуктан алдыдагы жакшылыктарды ойлоп, пландарды коюп келечекке умтулуңуз. Керектүү сабактарды жашооңуздан алыптырсыз. Мындан кийинкисин оңдоп кетүү сиздин колуңузда. Бул нерсенин баардыгы артта калат, ишенип коюңуз. Алдыда жакшы көз ирмемдер күтүп турат. 

Шартыңыз болсо тез арада психологго кайрылыңыз. Ийгилик каалайм!

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт