// //

Өзүмдөн 13 жаш улуу адамга турмушка чыксам жашап кете аламбы?

2019.03.01, 11:06
6288

Саламатсызбы! Мен 21 жаштамын. 16 жашымда бир жигит ала качып кеткен. 3 айдан кийин ажырашканбыз. Азыркы убакка чейин күйөөгө тийгенден коркуп жүрөм. 

Жакында эле бир байке "мага турмушка чык", - деп сунуш киргизди. Ал 34тө, ажырашканына бир жыл болуптур, 3 баласы бар. Чын айтып жатабы билейин деп аялынан сурасам, 2017-жылы жайында экөө кол кармашып түшкөн сүрөтүн жөнөттү.

Кандай ойлойсуз ошол адамга турмушка чыксам туура болобу? Баары эле "жашы өтүп калыптыр, урушасыңар", - деп жатат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2019, 11:11

Тамара Воронцова

Психолог

Кымбаттуу кыздар, эгер жигит ала качып кетсе, бир мүнөт да ал жерде калбай кетип калгыла. Себеби ал - кылмышкер, алсыз жана өзүнө ишенбеген адам.

Үй-бүлө эки тараптуу сүйүүдөн курулат. Жеке практикамда ала качуу жолу менен баш кошкон бактылуу жубайларды кездештире элекмин. Кыз отуруп калган күндө да, өмүр бою "кетип калсам, жашоом башкача болуп, бактылуу болоор белем" деген ойлор менен жашап өтөт.

34 жаштагы жигитиңиз жөнүндө баарын жазыпсыз. Бирок эң маанилүү нерсе - ортоңордо сүйүү барбы же жокпу белгисиз калыптыр. Сиз жалгыздыктан коркуп, талапкерлер жок болгону үчүн тезирээк турмушка чыгууну каалап жатасызбы? Эгерде мындай болсо шашпаңыз, сөзсүз түгөйүңүзгө жолугасыз.

Ал кишиден эмне себептен ажырашканын сураңыз. Досторуңуздун, туугандарыңыздын пикирин угуңуз. Ортодогу жаш айырмачылык бактылуулуктун көрсөткүчү эмес, сүйүү болсо эч кандай тоскоолдук кылбайт.

Эгерде сиз ага күйөөгө тийем деп чечсеңиз, анда балдары өмүр бою силер менен чогуу болоорун эстен чыгарбаңыз: тапканынын жарымын аларга берет, окутат, турмушка узатат дегендей. Кийин балалуу болсоңор да бул нерсе токтоп калбайт.

Жакшылап ойлонуңуз. Башка жигиттерди да байкап көрүңүз. Чечим өз колуңузда.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт