Бир баласы бар жалгыз бой эне жөлөк пул ала алабы?
Саламатсызбы! Менин күйөөм жок. 7 айлык кызым бар, эч жерде иштебейм, ата-энемдин үйүндө турам. Жөлөк пул алайын десем "бир балалууларга бербейбиз",- деди. Укканыма караганда, бир бала менен алып жүргөндөр бар экен. Мен да алсам болобу же жокпу?
Айкөл Турганбаева
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Сиз 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөгө дайындалган "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулуна документ тапшырсаңыз болот.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун чектөөдө балдардын саны эске алынбайт. Мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер гана эске алынат.
Балаңыз менен жалгыз жашасаңыз, жардам берген эч ким жок болсо жөлөк пул берилет. Бирок, сиз ата-энеңиз менен чогуу турат экенсиз. Демек, жөлөк пул дайындоодо алардын тапкан кирешеси эске алынып калат. Айта кетчү нерсе, балаңызга алимент алсаңыз, ал да киреше катары эсептелет.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу шарттары бул жерде.
Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! Байланыш телефону: 0312 30 01 26.