// //

Кимисине турмушка чыгам: сүйүктүү жигитимеби же акчалуусунабы?

2019.02.28, 16:18
2463

Саламатсызбы. Менин атым Салтанат. Мен учурда оор тандоонун алдында турам. Турмушка чыгууну эки жигит сунуштады. Кимисин тандашым керек? Акчалуусун, же сүйүктүүсүн?

Мен сүйгөн жигит

Алмаз менен таанышып сүйлөшкөнүмө жарым жыл болуп калды. Алмазды жактырам, жакшы көрөм. Бул сезимим тууралуу Алмаздын өзүнө ачык айткан эмесмин. Ал болсо мени сүйөрүн айтып, бир аз бутуна турган соң үйлөнөрүбүз деп кыялданат.

Мени сүйгөн жигит

Ал эми ортодон пайда болгон Кубаныч төрт айдан бери мени жактыраарын айтып келет. Кымбат белектер менен мага болгон сүйүүсүн, сый урматын, жагымдуу сөздөрүн арнап, менин жообумду күтүп жүрөт. Кубанычтын материалдык абалы жакшы. Үй-жайы, машинеси, чакан бизнеси бар. Бирок мен аны, жөн гана тааныш агамдай эле сыйлайм.

Курбуларымдын кеңеши

Турмушка чыккан эжелерим, курбу кыздарым: “Жигиттин абалына кара, сүйүү турмуш куруудан кийин башталат. Канчалык бай, эмгекчил болсо, кыйналбай жашайсың. Сүйүп туруп турмушка чыкканың менен үйдөгү жетишпестиктерден улам түшүнбөстүктөр келип чыгат. Ортодогу сүйүү өчө баштайт”, - деп жатышат.

Апамдын кеңеши

Ата-эне, кызынын барган жеринде кыйналбай, эч нерседен кем болбой жашаса экен тилек кылышат эмеспи. Ошондуктан апам Кубанычты көбүрөөк жактырарын айтат. Бирок, акыркы чечимди өзүң чыгар деди.  

Мен Кубанычка турмушка чыгайын дейм. Алмаз бутуна тургандан кийин түгөйүн таап алар.

Назира Кубанычбек

Психолог

Ардактуу Салтанат. Маанилүү тандоо алдында турганыңыз сезилип турат. Аты аталган жигиттер менен болгон мамилеңизде сезимдерге жана материалдык абалга орун бергениңиз жөндүү. Экөөнүн тең артыкчылыктарын белгилеп кеттиңиз. Чечим чыгарууда жакындарыңыздын да пикирин эске алуу маанилүү. Бирок, бул сиздин жашооңүз, өзүңүздүн тагдыр үчүн жоопкерчилик сиздин гана колуңузда болушу керек. Апаңыздын акыркы чечимди өзүң чыгар дегени абдан туура. Апаңыз абдан акылман киши экен.

Баш кошо турган адамды тандоодо сезим жана материалдык абал олуттуу факторлордун бири. Бирок алар жалгыз жана чечүүчү корсөткүчтөр боло албайт. Сиздин жашоодогу баалуулуктарыңыз, принциптериңиз, көз карашыңыз, тамак ашка болгон табитиңиз, кызыгуулар, интеллектуалдык денгээлиңер кимиси менен төп келишет? Мына ошол маанилүү. Тандооңузду аталган критерийлердин чегинде да карап көрүүңүздү сунуштайм. Өзүңүздүн жүрөгүңүздү тындаңыз. Биздин көмүскө аң-сезимибиз, биз билген кадимки аң-сезимге караганда туура чечимге жетелейт.

Булак: Миң Кыял FM радиосу. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт