// //

Идеяңды ишке ашыр! Beeline стартап жана студенттер үчүн 3-Digithon өткөрөт

2019.02.26, 17:23
1033

Студенттер жана стартап ишкерлер үчүн BeelineOpenDigithon 3-санариптик марафону 9-мартта башталат. Эки апта аралыгында 10 адамдан куралган 15 команда коомду жана бизнести колдоо идеяларын иштеп чыгышат. Командаларга Кыргызстандын жана Украинанын мыкты бизнесмендери жана долбоор түзүүчүлөрү жардам көрсөтөт. Марафондун жыйынтыгында, бизнес идеясын ишке ашыруу үчүн Beeline жеңип чыккан командага 70 миң сом бөлүп берет.

Beeline'дын укуктар маселеси боюнча директору Галина Кучеряваянын айтымында, мындай өңүттөгү марафондор жаштардын санариптик багыттагы билимин жогорулатууга жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Натыйжасында, жаштар экономиканын өсүүсүнө өздөрүнүн бараандуу салымын кошо алышат.

"Beeline "MakeyourMark" глобалдуу демилгесинин алкагында Digithon өткөрүп жатат. Бул иш чаралардын жардамы менен компания жаш муундун санариптик кылымга ыңгайлашуусуна көмөк көрсөтөт. Жаштар ушандай билим берүүчү долбоорлордун негизинде өздөрүнүн жаркын келечегин кура алышат", - дейт Галина Кучерявая.

OpenDigithon санариптик марафонун өткөрүү идеясы Beeline команиясына таандык. Ал бизнесмендердин, идеяларды иштеп чыккандардын, дизайнерлердин, түрдүү тармактардагы маркетологдордун катышуусу менен өтөт. Дүйнөлүк технологияларынын күн санап өскөнү жана инновациялар рыногундагы суроо талаптын жогорулаганы бул демилгени көторүп чыгууга себепкер болду. Beeline мындай иш-чараларды өткөрүп, Кыргызстандагы санариптик эко-чөйрөнүн түзүлүшүнө да негиз боло алат.

Мындай иш-чараны компания биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. 2017-жылы Digithon'дун катышуучулары мейманкана жана ресторан бизнестерин өнүктүрүү боюнча идеяларын иштеп чыгышкан. 2018-жылы катышуучулар рыноктун талаптарын изилдеп чыгышып, андагы көйгөйлөрдү 24 сааттын ичинде чечүү идеяларын сунушташкан. Анда гипермаркеттердин кардары кассирдин кызматын пайдаланбай эле balance.kg аркылуу өз алдынча төлөм жүргүзүү функциясын ишке киргизүү идеясы айтылган.

Буга чейин өткөрүлгөн марафондордо катышуучулар бизнес-долбоорлордун алкагында иш алып барган болсо, быйыл долбоордун алкагында социалдык маанилүү маселелерди чечүү да каралышы керек деген талап кошулган. Өзүнүн идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн 10 адамдан куралган 15 команда күч сынашат. Алардын эмгегин эл аралык уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү баалайт.

Beeline'дын өкүлдөрүнүн айтымында, бул кадам окшош идеялардын жарала беришине чек коюп, коммерциялык чоң ийгиликтердин жаралышына, идеянын иштелип чыгышына жана товардын же кызматтын керектөөчүгө жетишине, мындан тышкары заманбап технологияны пайдалануусуна түрткү болот. Digithon'дун катышуучуларынын идеяларын жакшыртуу үчүн Beeline компаниясынын именторлору жана эксперттери жардам берет. 

Иш-чара бир нече этапка бөлүнгөн. 

  • Биринчи этап - тандоо: 2 апта аралыгында каалоочулар катышкандыгы тууралуу арыз берет.
  • Экинчи этап - билим берүү: чакырылган эксперттер бир күндүн ичинде коммерциялык ийгиликке жетүү үчүн идеяны кантип иштеп чыгуу керектигин көрсөтүп, айтып беришет. 
  • Үчүнчү этап - даярдануу: 2 жуманын ичинде командалар менторлор менен кызматташып, идеяларды аягына чейин иштеп чыгып, кайсы бир продуктуну чыгарууга токтолот. 

Төртүнчү этап - долбоордун презентациясы. Ошондо жеңүүчү аныкталат.

"Бизнестин социалдык маселелер боюнча кабардар болгону жана аны ишке ашыруу үчүн жаштарга мүмкүнчүлүктөрдүн берилип жаткандыгы абдан жакшы көрүнүш. Балдарды активдүү болуп, бул марафонго катышууга чакырам. Анткени сиздин идеяңыз өлкөгө пайдалуу болуп калышы мүмкүн", - дейт Digithon'дун украиналык тренери жана SocialBoost диджитал-коммуникациялар боюнча менеджери Мария Шныркова.

"Жашоо өзгөрүп турат, буга байланыштуу рынокто жаңы суроо-талаптар пайда болот. Санариптик технология гана рыноктун талабын аткара алат жана дайыма өнүгүүгө жол ачат. Жаштар туура жол, туура багытта иш алып баруусу үчүн өзүмдүн билгендеримди алар менен бөлүшөм жана жардам берем", - деди Digithon жана MOBILNYI AVTORYNO СЕО тиркемесинин ментору Эрен Камчибеков.

OpenDigithon SkyX'те - Beeline компаниясынын кызматкерлери кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетүү үчүн кызматтарды түзгөн жаңы мекемеде орун алат. OpenDigithon жөнүндө толук маалыматтарды  https://skylab.kg/ шилтемеси аркылуу кирип алсаңыз болот. 

 Катышуу тууралуу арыз берүү 2019-жылдын 5 мартында аяктайт. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт