Жолдошумдун фамилиясына өткөм. Башка документтеримди да алмаштырышым керекпи?
2019.02.25, 15:46
1015
Саламатсызбы. Үлүш жердин китепчесинде менин кыз кезимдеги фамилиям жазылган. Турмушка чыкканда жолдошумдун фамилиясына өткөм. Эми жердин китепчесин кошо алмаштырышым керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2019, 15:48
Бакай Алишеров
Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы, окурман. Ооба, жарандын фамилиясы өзгөргөндөн кийин бардык документтерди алмаштыруу зарыл. Алар: паспорт, айдоочулук күбөлүк (права), кыймылсыз мүлккө болгон документтер, эмгек китепчеси, диплом ж.б.
Үлүш жердин китепчесин алмаштыруу үчүн Мамлекеттик катто кызматына:
- Техпаспорт;
- Паспорт;
- Үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк;
- 296 сом керек.
Документ 5 иш күндүн ичинде алмаштырылып берилет.
0
Пайдалуу жооп