// //

Биринчи жардам: Тиш ооруганда эмне кылуу керек?

2019.02.25, 14:56
59385

Тиш ооруганда кандай чараларды көрүу керек? Эмнелерди жасаса болот, эмнелерди кылууга такыр болбойт? Bilesinbi.kg стоматолог Нуржамал Канатбековадан сурап билди.

Тишти тазалагыла

Алгач ооз көңдөйүн акырын карап чыккыла, жылуу суу менен тишиңерди тазалагыла. Тиштин арасына тыгылып калган тамак аштын калдыктары да кээде оорутат.

Стоматологго барганга чейин: катуу, таттуу, туздуу, муздак, ысык тамак аштан баш тарткыла.

Оозду чайкагыла

Ооркусунууну азайтуунун жөнөкөй жана эффектидүү ыкмаларынын бири - бул тундурма же демделген чөптөр менен оозду чайкоо.

  • 1 стакан кайнатылган сууга 1 чай кашык сода же туз кошуп, аралаштыргыла. Муздагандан кийин оозуңарды улам-улам чайкагыла. Бул башка инфекциялардын жугушун алдын алып, шишикти таратат. Ооруну кыска убакытка басат.
  • Бака жалбырак, ромашка, эмендин кыртышы (кора дуба), шалфей чөптөрүн кайнак сууга демдеп чайкагыла. Аталган дары чөптөр ооз көңдөйүн дезинфекциялап, тиштин оорусун азайтат.

Такыр болбойт

Эч убакта, ооруп жаткан тишке жылуулукту баспагыла! Жылытуучу компресстер ириңдин пайда болушуна себепкер болот.

Эч убакта, ооруп жаткан тиштин ичине дары салбагыла. Кир колуңар жана дары менен кошо инфекция киргизип алуу коркунучу жогору. Анын кесепети кейиштүү.

Дарылар

Эгер жогорудагы ыкмалар жардам бербесе, анда ооруну (обезбаливающие) жана сезгенүүнү (противовоспалительные) басуучу дарыларды ичсеңер болот. Мисалы: ибупрофен, кетанал, анальгин, цитрамон ж.б.

Эсиңерде болсун!

Чоңдорго жазылган дарыларды балдарга берген болбойт. Атайын балдар үчүн дары берүү керек.

Балдардын тиши ооруганда дароо доктурга көрсөтүу зарыл. Себеби, баланын тишиндеги сезгенүү бир нече сааттын ичинде ириңдеп кетет.

Сөзсүз стоматологго баргыла

Канчалык эрте кайрылсаңар ошончолук жакшы. Дарылар убактылуу жардам берет. Бирок, себебин аныктап, оорунун өзүн айыктыруу керек.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аймээрим Абдыкалыкова
24.12.2020, 23:00

Тишим пломба койдурган болчум нерв алдырып анан уйго келдим ооруп жатат мулкторум ирин бар Деген врач тазалаган бирок калып кетсе ооруйбу азыр да ооруп зорго жаздым эмне лавры ичсем болот ирин жок кылыш учун пломба кылынган бугун,профокасацин -ника ичип жатам

0
Пайдалуу жооп
А
Аймээрим Абдыкалыкова
24.12.2020, 23:01

Пломба басылган болсо да лавры ичип иринди жок кылса болобу

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт