// //

Бул кесиптер эч качан эскирбейт. Топ 5

2019.02.22, 17:13
5783

Bilesinbi.kg эч качан эскирбей турган кесиптер кайсылар экенин айтып берет.

Тарбиячылар жана мугалимдер

Биздин өлкөдө айлык акысы төмөн болгону менен бул кесиптерге болгон суроо-талап жогору. Тарбиячылар жана мугалимдер эч качан ишсиз калышпайт. Ошондуктан жасалма интеллект педагогдордун ордун баса албайт. Себеби, окутууда да медицинадагыдай, жеке мамиле, бири-бирин түшүнүү, ишенүү, маалыматты жеткире билүү өтө маанилүү. Ар бир бала, ар бир окуучу уникалдуу, аларга индивидуалдуу мамиле жасоо керек.  

Медиктер жана психологдор

Адамдарды дарылап, ага жардам бергендер технологиялардын өнүгүүсүнөн улам ишсиз калып калат деген коркунучтан сырткары турушат. Робот эч качан төрөттү кабыл алып, наристенин жарык дүйнөгө келишине жардам бере албайт. Бул жерде акушердин жөндөмдөрү зарыл. Азырынча тишти дарылап, же хирургиялык операцияны жасоо роботтун колунан келе элек. Себеби, мындай иште дароо чечим кабыл алууну талап кылган күтүлбөгөн жагдайлар пайда болуп калат.

Медайымдар, соцкызматкерлер, психологдор, психотерапевтер өздөрүнүн бейтаптарына медициналык жардам гана бербестен аларга кам көрүп, көйгөйлөрүн тең бөлүшүп, эмоционалдык колдоо көрсөтүшөт. 

Фермерлер жана экологдор

Айыл чарбада иштеген адистерге суроо-талап жогорулайт. Жер шарынын калкы өсүүдө: 2050-жылы адамдардын саны 9,7 миллиардга жетет. Бардыгына азык жана суу керектелет. Бул маселелерди чечүү үчүн: фермерлер, экологдор, инженерлер, биологдор, окумуштуулар, оор аппараттарды башкаруучу операторлор, суу ресурстары боюнча адистер керектелет. Кызыгы фермерчилик айылда эле эмес, шаар жергесинде да өнүгөт. Чакан бакчалар жана огороддор имараттардын чатырында өстүрүлө баштайт.

Программистер жана робототехниктер

IT тармак укмуштуудай тездик менен өнүгүп келе жатат. Жакынкы эле жылдары жаңы кесиптер пайда болот. Ал эми программистер, робототехниктер, операторлор ишсиз калбайт. Бирөө жарым автоматташтырылган комплекстерди жасап, иштен чыгып калган машиналарды оңдоп туруш керек. Робот даяр алгоритм менен иштей алат. Ал эми бузулуп калган нерсенин себебин азырынча аныктай албайт.

Окумуштуулар жана чыгармачыл адамдар

Креативдүү адистерге адамзат ар дайым муктаж болуп келген. Себеби бизге кино, китептер, шоу жана оюндар кызык. Анын бардыгын жасаган, жараткан, жазган, тарткан болуш керек. Бул тармакта азырынча адам баласын ашып түшкөн эч ким жок. Бирок, 20 жылдан кийин бардыгы өзгөрүшү мүмкүн. Себеби, бүгүнкү күндө деле сүрөт тартып, текст жазган компьютерлер бар.

Маалымат mel.fm сайтынан алынып, кыргызчага которулду.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт