// //

Ийгилик сыры. Магамед аксакал жылына 50 тонна помидор, 30 тонна картошка алат

2019.02.22, 14:37
1576

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарчасынын тургуну Магамед Сайназаров жердештерине жерден боорун албаган эмгекчилдиги менен таанымал. Ал көп жылдан бери насыяга алган акчасына жер иштетип, ак эмгеги менен 7 баласын элден кем кылбай багып келет.

1997-жылы Магамед аксакал "Мажакып" дыйкан чарбасын уюштурган. Бүгүнкү күндө 10 гектарга чукул жер иштетет, эгинден тарта жер-жемиштин түрүн эгип, 1 гектардагы алма-өрүк бакчасынан кошумча киреше табат. 

Аксакал үчүн түшүмдү сатуу көйгөй эмес. "Кызыл-Кыя" консерва заводу менен түзгөн келишиминин негизинде жылына 30 тонна картошка, 50 тонна помидор, 10 тонна жүгөрү жана 20-25 тонна болгар калемпирин каалаган учурда соодалай алат. 

Ак эмгеги менен оокат кылган Магамед аксакал 2004-жылдан тарта "Айыл Банкка" туруктуу кардар болуп, 14 жыл ичинде 6 ирет насыясын жаңылаган.  Азыркы учурда лизингге трактор алып иштетип жүрөт. 

Аксакалдын көп жылдык мээнетинин акыбети кайтып, аймактарды социалдык-экономикалык  жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 2017-жылы экс-президенттин Ардак Грамотасына ээ болгон.

Магамед Сайназаров: 

"Айыл Банктын" кызматкерлери эл менен жакшы иш алып барышат. Бул да болсо алардын билиминин жана кесипкөйлүгүнүн белгиси. Карапайым эл үчүн акча колуна бат тийсе, жумуш бат арбый турганы бышык. Байкап көрсөңүз, насыя алып үй салып же той бергендерге караганда, жер иштетүүгө жумшагандардын жашоосу жакшырууда. 

Акчаны туура пайдалана алаарыма жана балдарымдын мээнеткечтигине ишенип насыя алгандан корккон жокмун. Жыйынтыгы жаман эмес, жашообуз жакшы жакка өзгөрүп келатат. Тапкан кирешебизге мал курадык, уул үйлөп, кыз узаттык, там салып жатабыз. Баарына "Айыл Банктын" арты менен жеттик. 

Буйруса алдыда банк менен ишмердүүлүгүмдү улантып, бош жаткан жерлерди иштетүү оюм бар",- деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт