// //

Балдар менен тил табышуу. Ата-энелерге кеңеш

2019.02.20, 13:11
2905

Балам менен кантип тил табышам? Биз бири-бирибизди түшүнбөйбүз, деген суроолорду ата-энелер көп беришет. Bilesinbi.kg бул тууралуу психолог Марина Романенкодон сурады.

Алгач, баланын айткандарын уккула. “Ии, ооба”, “каяктагыны айтпачы”, “башты оорутпачы”, “мээни чакпачы”, деген сөздөрдү ойлонбой туруп айта беребиз, ашыкча көп колдонобуз. Анан кайра эле, эч нерсесин айтпайт, кеңешип иш кылбайт, сурасан сүйлөбөйт, деп арызданып калабыз.

Суроо бергиле. Балаңар кичине болсо дагы агы суроо берип, жообун уккула. Эмне айтаарына көңүл бөлгүлө. Оюн укканда четке кагып, же шылдыңга албагыла.

Унчукпай укканды үйрөнгүлө. Бала сиздин сурооңузга жооп берип жатканда, сөзүн бөлбөй, ортодон өзүңөрдүн комментарийлериңерди кошпой уккула. Кошо талашып сүйлөйсөңөр ал унчукпай калат. “Кайра эле акыл үйрөтүп баштады”, “каяктагы сүйлөшүү”, “анан эмне сурайт”, дейт бала ичинен.

Ийкемдүү болгула. Сиздин пикириңиз эң туура дегенден алыс болуңуз. Ар дайым эле сиз каалаган нерсени эмес, жагымсыз ойду укканга да даяр болгула. Баладан чындыкты айтууну талап кыласызбы, чындыкты уга билгиле.

Жообуңарды жакшылап ойлонуп туруп бергиле. Эгер балаңыз сиздин жообуңузга муктаж болсо анда албетте жооп бергиле. Бирок, кээде, жөн гана сүйлөшүү, пикир алышуу жетиштүү. Билбегениңерди ачык эле: “Бул учурда эмне кылышты билбейм. Экөөбүз чогуу ойлонолу”, - деп жооп бергиле. Ата-энесинен чындыкты уккан балада аларга карата ишеним пайда болот.

Бүт бардыгын ойлонуп, таразаладыңар. Эми сиз ойлогон оюуңардын чакан эле бөлүгүн балаңарга айткыла. Өзү ой жүгүртүп, чечим кабыл алгыдай орун калтыргыла. Ага даяр жооп, же инструкция берүүнүн зарылчылыгы жок.

Ар дайым сүйлөшкүлө. Бала менен күндө сүйлөшүп турууну унутпаңыз. Анын келечекке болгон пландары тууралуу, эмнеге кызыгарын, кандай ыр, кинону жакшы көрөрөрүн сурагыла. Өзүңөр тууралуу айтып бергиле. Жаштык, балалык кезиңер, кылык-жоруктарыңар, жашооңузда болгон кулкулүү же кайгылуу окуяларыңар менен бөлүшкүлө.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт