Ажырашсам өз алдынча оокат кыла албачудай сезилет. Психолог жооп берет
Саламатсызбы, мага адистин кенеши керек. 8 жыл мурун күйөм ала качып, турмушка чыккам. Ортодо эки кызыбыз бар. Улуусу 8, кичүүсү 3,5 жашта. Азыр боюмда бар. Жолдошум Москвага кеткен. Кыздарына кам көрбөйт, алар менен иши деле жок. Күйөмдөн көңүлүм калды, ичет, урат. Мага, кетсен кете бер дейт. Учурда апам менен чогуу жашайм. Иштесем колуман келбей, өз алдынча оокат кыла албачудай болом. Өзүмдү жалгыз, эч кимге керегим жоктой сезем. Аны менен балдарым үчүн жашашым керекпи? Кеңеш бериңизчи?
“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун психотерапевти
Сиздин акыбалыңыз оңой эмес. Үмүт үзүлүп, жол жоктой сезилет. Бирок, кандай гана көйгөй болбосун аны чечүү ар дайым мүмкүн. Башкысы, эмоцияларга алдырбай, тунук ой жүгүрткөнгө аракет кылыңыз.
Жолдошуңуз сизди ала качып үйлөнүптүр. Көбүн эсе, өзүнө ишене албаган, жоопкерчиликти мойнуна ала албаган мырзалар мындай ишке барышат. Андан тышкары ичет, кол көтөрөт деп жатасыз. Бул дагы алсыз, эрксиз эркектин белгиси. Мындай өмүрлүк жар сизге керекпи?
Сиз турмуш куруп баштаганда жаш элеңиз. Көп нерсеге маани бербесеңиз керек. Эми жетилип, акыл калчап калдыңыз. Өзүңөрдү аяп, башты жерге салгандын ордуна, белди бекем бууп, чымырканып оокат кылыңыз. Азыр кош бойлуу болгон үчүн ишке деле чыга албайсыз.
Демек, башка жагынан апаңызга жардам бериңиз. Кыздарыңызга көңүл бөлүңүз. Алардан ачууңарды, таарынычыңарды чыгарбаңыз. Кыздарыңыздын эч күнөөсү жок. Тескерисинче, мээримиңизди төгүп, эркелетип, келечекке пландарды түзүңүз. Алар менен бирге төрөтүңүзгө даярдык көргүлө. Шартыңыз болсо кандайдыр бир курска барып жаңы кесипти өздөштүрүңүз.
Ал эми жолдошунуз сиз менен ажырашам десе. Ал анын чечими. Юристтен кеңеш алып, бардыгын мыйзам чегинде ишке ашырыңыз. Ал балдарына кам көрүп алимент төлөөгө милдеттүү.