Апамды Москвадан кантип алып келсем болот?
Саламатсызбы! Атам каза болгондон кийин апам Москвага кетип, ал жактан турмушка чыгып, бир балалуу болгон. Баласы азыр алты жашта.
Акыркы убакта күйөөсү кордоп, колунан эч нерсе келбейт дегенсип сабап, суукта баласы менен эшикке чыгарып коет экен. Мен Кыргызстандамын, апама кантип жардам берсем деп айлам кетип турат.
Апам качып кетейин десе күйөөсү кое бербейт. Ошондой эле, ишеним кат жок, баланы чек арадан алып чыгып кете албайт.
Суранам бизге жардам бериңизчи! Апам Москада калып калса, күйөөсүнүн өлтүрүп салчудай түрү бар.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, сиз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине арыз жазып, Москва шаарындагы кыргызстандыктардын диаспораларына жардам сурап кайрылсаңыз болот. Арыз жазып жатканыңызды апаңызга билдирип коюңуз.
Арыздын үлгүсү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч. А. Айдарбековго
Бул жерге аты-жөнүңүз, дарегиңиз жана телефон номериңизди жазасыз.
АРЫЗ
Урматтуу Чыңгыз Азаматович!
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө
жободо Министрликтин максаты жана милдеттери, чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо деп көрсөтүлгөндүктөн сизге төмөндөгү маселе менен кайрылып жатам.
Атам каза болгондон кийин турмуштун бардык оорчулуктары апама жүктөлдү. Ошондой күндөрдүн биринде апам Москва шаарына жумуш издеп кетти. Жанында эркек киши жок кыйналганбы, айтоор бир адамга (анын аты-жөнүн жазыңыз) турмушка чыкты.
Бүгүнкү күндө апам күйөөсү менен Москвада жашайт жана ортосундагы никеден бир баласы бар. Апам Кыргыз Республикасынын жараны. Мени түйшүккө салган нерсе, апамды күйөөсү кордоп, колунан эч нерсе келбейт дегенсип, бала менен суукта эшикке кууп чыгарып, аябай сабайт. Бул жакта туруп апама кантип жардам берээримди билбейм жатам.
Апамды күйөөсү кетирбейт. Качып кетейин десе ишеним кат жок баласын чек арадан алып чыга албайт. Апамды Кыргызстанга кантип алып келсек болот? Суранам, жардам бериңизчи. Эгер апам мындан ары Москвада калса, күйөөсүнүн өлтүрүп салчудай түрү бар.
Апаңыздын аты-жөнүн, телефон номерин, дарегин так көрсөтүңүз.
Арыз ээси:
- Арызды Бишкек шаары, Эркиндик булвары, 57 дарегине алып барып бериңиз же почта аркылуу жөнөтүңүз.
- Же болбосо gendep@mofa.kg, pressslujba@gmail.com электрондук почтага жибериңиз.
Кошумча суроолоруңуз болсо, редакциядан менин телефонумду алып байланышсаңыз, жардам берем.