Таенемдин байкесинин кызына үйлөнсөм болобу?
Саламатсызбы! Мен бир кызды жактырам. Менин таенем менен анын таятасы бир тууган. Баш кошсок болобу?
Мээрим Курманалиева
дарыгер-генетик
Урматтуу мырза, туугандардын бири-бирине баш кошпой эле койгону туура. Жөнөкөй үй-бүлөлөргө салыштырмалуу балдардын майып төрөлүү коркунучу жогору. Мындай никеде төрөлгөн балдардын 25% да ден соолугуна байланыштуу патологиялар бар. Мисалы, төрт баланын бирөө майып болуп калат. Биз генетиктер кан аралашкан никени колдобойбуз.
Гүлзина Мадраимова
акушер-гинеколог
Жакын туугандардын баш кошкону болбойт. Мындай никеден балдар майып төрөлөт. Ооба, кээде дени-сак балдар төрөлүшү мүмкүн. Бирок, убакыттын өтүшү менен алар ар кайсы ооруларга чалдыгат. Кийин бул балдар турмуш курса, балдары кемтик төрөлүп калат. Мындайча айтканда ата-энесинин катасы үчүн балдары жооп берет.