// //

Бала менен кандай оюндарды ойноо керек? 5-бөлүм

2018.07.31, 10:21
2238

2 жаштан 3 жашка чейин

Бул курактагы баланын эң башкы кызыгуусу – чоңдордун жашоосуна катышуу. Бала чоңдорду туурап, көргөнүн оюндарында кайталап ойнойт.

Бул куракта баланын эки топтом оюнчуктары болуш керек:

1-топтогу оюнчуктар: Идиш-аяктар, куурчактар, “Оорукана”, “Чач тарач” оюнчуктары ж.б. чоңдордун жашоосун өздөштүрүүгө жардам берет.

2-топтогу оюнчуктар: Курулуш оюнчуктары, конструкторлор, мозаика ж.б. баланын ой жүгүртүүсүн, эске тутуусун, башкача айтканда окууга даярдык үчүн керектүү көндүмдөрүн өнүктүрөт.

Чоң кишилердин жашоосуна аралаштыруу дагы өтө чоң таасирин тийгизет. Мисалы, ашканада апасына жардам берүүгө (столдун бетин тазалоо, кашыктарды жыйноо), короодо болсо кичинекей шыпыргы менен шыпыруу, таштандыларды жыйноо сыяктуу иштерди жасоону үйрөтүү  маанилүү.

Андан сырткары бул куракта баланын  “Мен өзүм деген” каалосун кубаттап, өзүнүн аракеттенүүсүн колдошуңуз керек. “Мен өзүм” деген каалоо өтө күчтүү болгону менен, эгерде буга чейин балада эч кандай жөнөкөй өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрү жок болсо, ал жасай албай кыйыктанып, жиндениши мүмкүн. Бул баланын эмоцияларын башкаруу мүмкүнчүлүгүнүн пайда болуусуна чоң таасирин тийгизген курак болуп эсептелет. Ошондуктан балаңызга кылдаттык мамиле менен эмнени кылууга болоорун, эмнени-болбоорун туура түшүндүрүү маанилүү.

Бала чоң кишилерден өзүн алып жүрүүнү үйрөнөт.

Бала менен баарлашуудагы ата-эненин чоң жардамчылары - токтоо жүрүм-турум, тамашалоо жана өздүк үлгү болуп саналат. Кичинекей баланын көңүлү бат эле башка кызыктуу нерсеге бурулуп, алаксып калат. Муну унутпай, баланын өзүн-өзү башкаруу көндүмүн өнүктүрүү абдан маанилүү.

Бул куракта балага төмөндөгүдөй оюнчуктар керек болот:

  • орточо көлөмдөгү куруучу материалдар;
  • чоң деталдуу лего оюнчуктары;
  • оюнчук идиш-аяктар;
  • оюнчук эмерек;
  • “Оорукана”, “Чач тарач”, “Супермаркет” оюнчуктары;
  • сүрөттөрү бар кубиктер.

 Баланы  өнүктүрүп, ойнойбуз:

  • Куруучу материалдардан кыштарды, кубиктерди жана призмаларды колдоно башташ керек. Балаңыз менен чогуу курулушту ойлоп, кураңуз. Мисалы, пилге, маймылга, жыланга үй куруп берсеңиздер болот. Бирок, балаңыз курулуштун формасы кандай болоорун ойлоп табыш керек. Ойноп жаткан учурда аракеттериңизди сөздөр менен коштоп, курулуш материалдардын аталыштарын атаганды унутпаңыз. Баланын демилгелерин сөзсүз колдоп, анын аракеттерине кызыгууңузду көрсөтүңүз. Эгерде балаңыз өзүнүн ойлоосу менен курулуш жасаса, аны сөзсүз түрдө кубаттап, колдогонду унутпаңыз.
  • Леголордон ар кандай нерселерди жасоого балаңызды үндөңүз. Андан сырткары окшош бөлүктү тапсаңыз да болот.
  • Балаңыздын чоңдордун жашоосун чагылдырган оюндарында активдүү катышып, баланын тажрыйбасын байытууга өбөлгө түзүңүз. Бул оюндарды ойноп жатып балаңыз үлгүлүү жүрүм-турумга тарбияланат. Мисалы,  куурчактар менен ойноодо, аларга күн тартибин, жүрүм –турум эрежелерин түзүүнү сунуштаңыз.
  • Кубиктер менен да ар кандай курулуштарды куруп ойносо болот. Мисалы, төрт кубиктен түзүлгөн сүрөттү көрсөтүп, эмне көрүп тургандыгы жөнүндө аңгемелешип, анан кайрадан сүрөттү курууну сунуштаңыз. Эгерде балаңыз өзү жасай албай жатса, чогуу жасаңыз. 3 жашка чыкканда балаңыз 6 бөлүктөн (кубиктен) турган сүрөттөрдү кураштыра алат.

(уландысы бар)

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт