// //

Балдарымдын атасы кайын атам, күйөөм бул тууралуу билбейт

2018.07.30, 12:13
16188

Менин атым Гүлмира, болочок күйөөм менен поликлиникадан таанышкам. Мен практика өтүп жаткам, ал менин жетекчим болчу. Көпкө чейин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк, кийин баш кошууну чечтик.

Күйөөм, ата-энеси менен тааныштыруу үчүн үйүнө алып келди. Мен биринчи көргөндө эле кайын атамды сүйүп калдым. Аны сүйбөй коюу мүмкүн эмес эле, бою узун, сымбаттуу, аскердик дарыгер болчу.

Биз үйлөндүк, тойдон кийин кайын атам күйөөм менен мени, өзү иштеп жаткан аскердик ооруканага орноштурду. Жумушка байланыштуу күйөөм көп учурда иш сапарда болот эле. Ошондой күндөрдүн биринде, мен үйүбүзгө кайын атамды конокко чакырдым. Дасторкон даярдап, күтүп олтурдум. Ал келип, көрүп, мындай деди:

"Мен биринчи күнү сени көргөндө эле жактыргам, бирок, уулумдун үй-бүлөсүн бузгум келген эмес. Ал иш сапарга көп чыгат, ордун башка ээлгенден көрө, мен болгонум жакшы болот”, - деди.

Сиздер, балким, кайын атасы менен төшөккө кантип жатты деп ойлошуңуздар мүмкүн. Мен болгону  аны өтө жакшы көргөм деп гана жооп бере алам. Кайын атамдан эки бала төрөдүм, күйөөм аныкы деп ойлоп жүрдү, бизде баары жакшы болчу, күйөөм капыстан иш сапарынын келгенге чейин.

Андан кийин эмне болгонун түшүнүп турсаңыздар керек, күйөөм менен ажыраштык, кайын атам мени менен сүйлөшпөй калды, жумуштан кууп чыкты, жалгыз калдым. Кайын атам аялын таштаган жок, андан кечирим сурап, баарын айтып берди. Күйөөм алыс жакка кетип калды, апасы менен гана сүйлөшүп турат.

Күйөөмдөн алимент өндүрөйүн деп сотко кайрылсам, сот арызымды четке кагып койду. Кайын атам жардам берет, балдар аныкы да. Балдарым дайыма атасын, чоң атасын сурашат, чоң атасы алардын өз атасы экенин аларга кантип түшүндүрөм.

Ата-энеме бардым, бирок алар мени кабыл алган жок, батирге чыктым, жумушка орноштум, балдарым балдар бакчасына барат, ушинтип жашап келе жатам. Турмушка чыккан жокмун, кайын атам жакында эмгек өргүүсүнө чыкты, балдар менен катташпайт. Жадакалса мени менен өз ата-энем дагы байланышпайт.

Өзүмдүн атам ооруп доктурга келип, менин кабылдамама түшүп калды, бир сөз айпастан чыгып кетти, башка дарыгерге барып көрүндү. Көп жыл өттү, балдарым медициналык окуу жайда окуп жатышат, аларда баары жакшы, мен жалгыз калдым.  

Күйөөм жакында үйлөндү. Мен ага абдан кубанычтамын, ал чынында жакшы адам, бирок мен аны сүйө албадым.

Мага окшогон жагдайга ким кабыл болсо, жалынып-жалбарам, бирөөнүн дагы, өзүңөрдүн дагы үй-бүлөнү бузбагыла, бул баары бир эч кимге бакыт алып келбейт. Канчалык катуу сүйсөңүз дагы, эч качан бирөөнүн кошумча аэропорту болбоңуз

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
К
Калыс пикир
28.07.2019, 22:55

Абдан жийиркеничтуу иш жасаптыр. Эки дуйно азапта отот экен. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт