// //

Сүйүү үч жыл жашайбы?

2018.07.23, 17:10
3601

Жакшы көргөн адамдарыңыздын жашоосун бузгуңуз келбесе, кээде "акылдуу" кеңештерди ичте катып койгон жакшы. Башкаларды эмне бактылуу кылаарын сиз кайдан билмек элеңиз? Жагдайга болгон сиздин көз карашыңыз, эмне себептен баарынан туура деп ойлойсуз? Канча адам болсо, ошончо жол болот, башка адамдардын мамилелери - чытырман токой. Бул макалада биз жаңы үйлөнгөн жубайларга берилчү  популярдуу пикирлерди жокко чыгарабыз. Буга чейин сиздерди кантип алдап келишкенин билүүгө даярсызбы?

Жалган экени далилделген мамилелер жөнүндөгү 5  "акылдуу" кеңештер:

  1. Чындап сүйгөн болсоңуз – курмандыкка барыңыз

Бир жагынан алганда, сүйүүдө өзүмчүлдүктүн белгилүү бир суммасынан баш тартуу зарыл, болбосо экөө тил табыша албай калат. Бири-биринин каалоолорун канааттандырууга аракет кылып, компромисс издөө - күчтүү никенин негизи. Башка жагынан алып караганда, көптөгөн адамдар кыйылып берүү эки тараптуу болуш керек экендигин унутуп калышат. Эгер кимдир бирөө дайыма эле курмандыкка бара берсе, экинчиси уялбастан аны колдонсо, мындай мамиленин - эмне кереги бар? Анан бир өнөктөш экинчисине кызмат кылган  үй-бүлө жаралат. Эсиңиздерде болсун, өздүк эркиндикти жана бакытты курмандыкка чалуу-бул келесоолук! Муктаждыктарыңызга дайыма чек койгон, тынчсыздануу жана чыккынчылык жашоодо жашаган-бул кандай сүйүү? Баары чеги менен, эки тараптуу болгон жакшы.

  1. Баардык жагынан жакшы болууга аракет кылуу

Албетте, үй-бүлө кургандан кийин колду шилтеп коюп, алсыздыкка алдырып койгон болбойт. Болбосо жубайларда бири-биринен жактырган сапаттары жок калат. Өнөктөштөр жагымдуулугун сактап, өсүп жана өнүгүшү керек. Болгону муну илээшчек идеяга айлантып жиберүүнүн кереги жок! Адам ар дайым баардыгына  100%  жетишип жүргөн робот боло албайт. Баарыбыздын алсыздыктарыбыз бар жана дал ошолор бизди тирүү жана уникалдуу кылат. Эгер бири-бириңерди тандап алган болсоңор, анда масканы алып,  чыныгы жүздү көрсөтүүгө убакыт келди. Акылдуу жана сулууну  сүйүү кыйын эмес, бирок кемчилиги бар адам менен жашоого даярсызбы? Ачык болуңуз, башка адамдардын ролун ойнобоңуз. Ошондо гана кандай болсоңуз, ошондой  кабыл алган бирөөнү таба аласыз.

  1. Өнөктөшүңүздү кичине кызгантып коюп туруңуз

Жыныстык чагым-кумарланууну кайрадан калыбына келтирет деген ишеним, өнөктөштөрдүн кем акылдыгын  же өзүн-өзү сыйлоо сезими жок экенин көрсөтүп турат. Бул жөнүндө жакшылап ойлонуп көрсөңүз, кандайча чет тараптагы флирт үй-бүлөнү сактап калсын? Өнөктөштү таарынтып, өздүк ишенимине шек келтирүү менен мамилени бекемдесе болот деген сокур ишеним кайдан келди? Көп учурда мунун баары тескери болот - ишеним жоголот, кабатырлануу көбөйөт, стресс, нааразычылык топтолот. Жаныңдагы адам сени башка бирөө менен алмаштырбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эгерде сизге мамиледе бир нерсе жакпаса, аны ачык айтууну үйрөнүңүз.

  1. Чындыктын баарын айтуунун кереги жок

Бул кеңешти көп учурда он жылдан бери  чогуу жашаган, сыртынан  бактылуу сезилген үй-бүлөлөр берет. Алар  жаш жубайларга үйдөгү маанайды бузуп албаш үчүн, сырларды сактоону сунуштайт. Аялыңыз толуп кеттиби? Анын маанайын түшүрүп алгандан көрө, унчукпай эле койгон жакшы. Күйөөсү жаңы кызматкер менен ойнош болуп алдыбы? Убакыт өтүп, кайра эле  үй-бүлөгө кайтып келет. "Маселени чечүү  зарыл деле эмес" деген үй-бүлөлөр-өнөктөшүнө болгон ишенимдин, сүйүүнүн жоктугун көрсөтүп турат. Сиздер бири-бириңиздер тууралуу баарын билишиңер керек - өтмүш, ушул учур, кетирилген каталар жана алсыздыктар, жашоо пландары, чыныгы баалуулуктар. Өмүр бою бирге жашай тургандан кийин, чыныгы муктаждыктарды жашыруу - акылсыздык. Чындык оор болот, бирок ал жакындатып, мамилени бекем кылат.

  1. Сүйүү өтөөрүн кабыл алыңыз

Чыныгы сүйүү бар,  жакшы көрбөгөн адам гана болушу мүмкүн экенин четке кагат. Сүйүүнүн тереңинде окшош көз караштар, өнөктөшүн ар кандай алсыздыктар менен кабыл алуу, бирге болууга умтулуу жатат.  Жөн гана агым менен өтүп кете бербестен, күн сайын бири-бириңиздерди жаңы нуктан билүүгө аракет кылыңыздар, кризис учурунда өнөктөшүңүздү колдоп, мамилени өркүндөтүп, романтиканы киргизиңиз. Дал ушул нерселер гана ортодогу  мамилени бекемдеп, чыныгы сүйүүнү пайда кылат.

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт