Балдар менен кандай оюндарды ойноо керек?
2018.07.09, 09:30
2898
Төрөлгөндөн 6 айга чейинки курак
Баланын алгачкы күндөрүнөн тартып ага көңүл буруп, өнүгүүсүнө көп аракет жумшоо керек. Анын бардык кыймылдарына, кыйкырыктарына канчалык жооп берсеңиз, ошончолук ортоңуздардагы байланыш бекемделет.
Ымыркайдын жашоосунун биринчи жылында жакындарына болгон байланыш түптөлүп, коопсуздук, жайлуулук сезимдери негизделет. Алгачкы күндөрү бөбөк көп убакытын уйку менен өткөрөт. Ошондуктан ал ойгонгон учурда аны менен болгонго аракеттениңиз.
Бул куракта балага төмөнкү оюнчуктар керек болот:
Кантип ойнойбуз?
- Төрөлгөндөн 2 айга чейинки куракта 2-3 мүнөткө баланын керебетинин үстүндө илинген шылдырактарды, коңгуроолорду кыймылдатып коюш керек. Шылдыраган шылдыракка бөбөк көңүл бургандан кийин ар кайсы тарапка жылдырыңыз. Бала көзү менен шылдыракты коштошу зарыл.
- 2-3 айлыгында оюнчуктарды ар кайсы жакка жылдырып, бала менен баарлашыңыз. Мисалы, “Бөбөктай, саламатсыңбы? Кандай уктап турдуң?” сыяктуу сүйлөмдөр менен үнүңүздү өзгөртүңүз. Себеби бала ар кандай үндөрдү туурашы зарыл. Андан сырткары оюнчукту бала жеткидей кылып көрсөтүп, колу менен кармоосун үндөңүз. Шылдырактарды күн сайын алмаштырыңыз. Бул үчүн көп сандагы шылдырактын кереги жок. Болгону 3-4 шылдырактын баарын чогуу бербей, кезеги менен көрсөтүңүз.
- 3-4 айлык кезинде керебеттин үстүнөн тартылган шылдырактарга, коңгуроолорго бөбөктүн колу жеткидей кылып ар кандай түстөгү ленталарды илип коюңуз. Баланы курсагынан жаткырып, ар кандай түстөгү жана фактурадагы кездемелерди, ага тигилген топчуларды, жиптерди карматыңыз.
- 5-7 айлык кезинде бөбөктү курсагынан 10 мүнөткө чейин жатканга көндүрүңүз. Сенсордук өнүктүрүүчү килемчени изилдегенге шарт түзүп бериңиз. Топчуларды кармалап, топчулаганга аракеттенсин, шуруларды ары бери жылдырсын, сыдырмаларды сыдырып, боолорду кармалап көрсүн. Бул аракеттеринин баарын кубанычтуу үн менен коштоп турган жакшы.
(уландысы кийинки санда)
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.