// //

Айдоочулук күбөлүктөгү А, В, С деген тамгалар эмнени түшүндүрөт?

2019.01.31, 11:44
968

Саламатсызбы! Мен 15 жаштамын. Машина айдаганга аябай кызыгам. Бирок, А, В, С деген тамгаларга эч эле түшүнбөйм. Булар жөнүндө айтып бере аласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.01.2019, 11:58

КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы

Саламатсызбы! А, В, С деген тамгалар айдоочулук күбөлүктүн категориялары, тактап айтканда кандай автоунаа экенин билдирет. Мисалы:

«А» - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашык жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашык мотоциклдер – он алты жашка толгон адамдарга;

«А1» - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашпаган, жана максималдуу кубаттуулугу 11 квт. ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) – он алты жашка толгон адамдарга;

«В» - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автоунаалар («А» категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) -  он жети жашка толгон адамдарга;

«В1» - моторлоштурулган трициклдер, квадрациклдер – он алты жашка толгон адамдарга;

«С» - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан автоунаалар («D» категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) -  он сегиз жашка толгон адамдарга;

«С1» - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашык, бирок 7500 кг ашпаган автоунаалар («D» категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) -  он сегиз жашка толгон адамдарга;

 «D» - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары он алты жана андан көп отуруучу орундары бар автоунаалар – төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;

«D1» - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары тогуздан он алтыга чейин отуруучу орундары бар автоунаалар – төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;

 «ВЕ» - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган чиркегич чиркелген “В” категориясындагы автоунаалар; уруксат берилген салмагы 750 кг ашык чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашпаган «В» категориясындагы автоунаалар - эки жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, он сегиз жашка толгон адамдарга;

«СЕ» - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган чиркегич чиркелген “С” категориясындагы автоунаалар - үч жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга; 

 «С1Е» - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган «С1» категориясындагы автоунаалар - үч жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга; 

«DE» - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык болгон чиркегич чиркелген «D» категориясындагы автоунаалар - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык жүргүнчү ташуулар үчүн – 5 жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга.

«D1E» - жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автоунаанын салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган «D 1» категориясындагы автоунаалар - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык жүргүнчү ташуулар үчүн – 5 жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга берилет;

Троллейбусту башкарууга уруксат жыйырма бир жашка толгон адамдарга берилет жана айдоочулук күбөлүктүн өзгөчө белгилерине «Т» белгиси коюлат.

Сизге пайдалуу маалымат болду деп ишенебиз! Окууңузга ийгилик!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт