Альтернативдик кызматты кайдан өтөйм? Адис жооп берет
Альтернативдик кызмат жөнүндө bilesinbi.kg нин инстаграмдагы баракчасынан окуп калдым. Мен түшүнгөн жокмун, альтернативдик кызматты өтөө үчүн кайда барып кызмат кылам? 25 000 сом акчасын төлөп, үйдө эле отуруп бүтүрүп койсо болобу? Экинчи суроом: бул кызматты өтөгөндөрдүн аскердик билети аскерге баргандар менен бирдей эле болуп калабы, же айрымасы барбы?
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Альтернативдик кызматты өтөөдө бир нече пунктар бар. Мисалы, ден соолугуна байланыштуу болсо, анда ал үйдө эле отурат. Эгер ал үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, же жалгыз уулу болсо анда өз жумушунда ишин уланта берсе болот. Ошондой эле, коомдук иштерди аткаруу пункту да каралган. Бул пунктардын бардыгын сиз учетко турган военкоманттан кеңири түшүндүрүп беришет. Ар бир жарандын шарттарына жараша, түрдүү варианттар бар.
Эскерте кетчү нерсе, акчасы РСК банк аркылуу гана төлөнүүгө тийиш! Эч кимдин колуна берилбейт!
Экинчи сурооңор боюнча жооп берсем: аскердик билеттер категорияларга бөлүнөт. Ошондуктан альтернативдик кызмат менен аскерден кызмат өтөгөндөрдүн билети айырмаланып турат. Альтернативдик кызматты өтөгөндөрдүн билетине II категориядагы билет деп жазылат. Башкы айырмасы, альтернативдик кызмат өтөгөндөр күч түзүмдөрүнө кызматка алынбайт.