Балама болгон мээримим жок. Адистен кеңеш
Жолдошум менен 6 айлык боюмда барда ажырашып кеткем. Ошол 6 айдын ичинде көп нерселер болуп өттү. Ошол убакта кайын атам, кайын энемдин көзү өтүп кеткен. Баламды айыма жетпей 8 айлык кылып операция жолу менен оор акыбалда төрөдүм. Канча чакырсам да жолдошум келген жок.
Турмуштан ажырагандан кийин балама болгон энелик мээримим жоголуп калды. Азыркы күнгө чейин балама болгон мээримим жок. Эмне кылсам болот? Рахмат!
Айгүл Камалова
Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт
Окурман, кайын атаңыз менен кайын энеңиздин дүйнө салышына, баланын сегиз айлык болуп төрөлүшүнө сиз күнөөлүү эмессиз. Берген маалыматыңызга караганда кайгырып, чөгүп кетчү деле эч нерсе болгон эмес. Болуп өткөн окуяларга өзүңүздү күнөөлөбөңүз. Жолдошуңуз менен эки ажырым жолго түшкөнүңөр сиздердин чечим, ага баланы аралаштырып кереги жок.
Сизде төрөттөн кийинки депрессия болуп жаткан чыгар. Андан чыгуу үчүн жардам берчү жакындарыңыз болушу керек. Эң негизгиси өзүңүздүн, ымыркайдын ден соолугун ойлоңуз. Балаңызга ырдап бериңиз, сүйлөшүңүз, анын ар бир өзгөрүүлөрүнөн, күнүмдүк кылыктарынан ырахат алыңыз.
Күчтүү айым болуп, туура кадам кылаарыңызга ишенем. Ийгилик!