// //

Төрөттөн кийинки депрессиядан чыгуу жолдору

2018.05.30, 13:02
9107

Адистердин айтымында, төрөттөн кийин аялдардын көбү депрессия абалына туш болушат. Ал эми жаңы көз жаргандардын 90 пайызы депрессияга кабылат. Төрөттөн кийинки депрессия жана анын чыгуу жолдору тууралуу акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова айтып берди.

Статистика боюнча алып карасак, төрөттөн кийин ар бир бешинчи аял депрессияга түшүп калуу коркунучунда. Илгери чоң энелерибизден “кош бойлуу бул ким” деп сураганда, “бир буту төрдөгү, бир буту көрдөгү аял” деп жооп беришчү экен. Эгерде айтылуу жооптун маанисин түшүнүп, кош бойлууларга кылдат мамиле жасалса, төрөттөн кийинки депрессия аз болмок.

Төрөттөн кийинки депрессиянын себептери:

  • Төрөт татаал болуп, аял абдан кыйналса, төрөткө психологиялык жактан даяр эмес болсо, баласы чарчап калса же кандайдыр бир кемчилик менен төрөлсө.
  • Төрөттөн кийин гормондору тез төмөндөп кетсе.
  • Кош бойлуу кезинде дайыма стресс абалында жүрсө.
  • Үй-бүлөсү колдобосо.
  • Жашоо шарты начар болсо.
  • Күйөсүнүн жардамы тийбесе.
  • Өтө эле жаш болсо.
  • Мүнөзү өзүмчүл болсо.

Төрөттөн кийинки депрессиянын белгилери:

  • Төрөттөн кийин аял өзүн бактылуу сезүүнүн ордуна, маанайы жок болуп, балага жакшы көңүл бурбай калат.
  • Ой басып, жашоосунун кызыгы жоктой сезилет.
  • Бир нерселерге кыжаалат болуп, үй-бүлөсүнө, баласына кайдыгер же корс мамиле кылат.
  • Эгерде ымыркай ооруп калса, өзүн күнөөлөп, өзүн-өзү жек көрөт.
  • Табити жоголуп, арыктап кетет.
  • Башы ооруп, алсырап, адамдар менен сүйлөшкүсү келбей олтура берет.

Мындай депрессия менен кантип күрөшсө болот?

Төрөттөн кийинки депрессия убактылуу, дарылоого мүмкүн болгон нерсе. Бул депрессия менен күрөшүүнүн жеңил түрлөрү:

  • Биринчи белгилери пайда болгондо, тартынбастан жакындарыңызга кайрылыңыз.
  • Балага кам көрүүнү үйрөнүү бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ата-энеден, бир туугандардан жардам сурап туруңуз.
  • Балаңыз көп ыйласа бушайман болбоңуз. Баланы кичинекей, эч нерсе түшүнбөйт дебестен аны менен сүйлөшүңүз.
  • Эмизип жатканда шашпай, эч нерсени ойлобой, бүт дүйнөңүз менен берилип, баланын башынан сылап эмчек берсеңиз, денеңизден бактылуулуктун гормондору бөлүнүп чыгат. Бул гормондор төрөттөн кийин дененин батыраак калыпка келүүсүнө жардам берет.
  • Эс алган бөлмөңүздү ачык түстө кармап, терезелерди, пардаларды ачып, күн нурун киргизип туруңуз.
  • Төрөттөн кийин жүдөп үйдө олтура бербей, бала менен сыртка чыгып, таза абада сейилдеп, өзүңүз курактуу энелер менен маектешип, кеңешип, көңүл ачып турууну унутпаңыз.
  • Көбүнчө айымдар күйөлөрүнө “жардам бербейт, аз көңүл буруп калды” деп капа болушат. Эркектер дагы ата болуу милдетине көнгөнгө чейин, айымдардай болуп стресске учурап, кыйналат. Алардан жардам берүүсүн суранып, акырындап балага кам көрүүгө аралаштыра баштаңыз.
  • Төрөттөн кийин туура тамактанып, убагында эс алыңыз.

Эркектерге кеңеш!

Тилекке каршы, эркектердин көбү төрөттөн кийинки депрессияны аялдардын эркелиги деп ойлоп, көңүл бурбай коюшат. Бирок төрөттөн кийинки депрессияга аял өз каалосу менен дуушар болбойт, бул оору. Ошондой эле депрессиядан аял өзү жалгыз чыгып кете албайт. Көз жарганынан кийинки кубанычтуу учуру кээде кыйынчылыкка айланып кетиши мүмкүн. Төмөнкү кеңештерди аткарып, жубайыңызга тийиштүү жардам көрсөтө аласыз.

  • Биринчи кезекте  чыдамкайлуу, сабырдуу болуңуз.
  • Аялга жылуу сөз, мамиле керек экенин билиңиз.
  • Сезимдериңизди ачык билдирип, жубайыңызды, балаңызды өөп-жыттап көңүл буруңуз.
  • Жумушта олтурганда убакыт таап үйүңүзгө чалып “тамак ичтиңби, балабыз кандай жүрөт, өзүң жакшысыңбы” деп сурап туруңуз.
  • Жубайыңызга гүл, кичинекей болсо дагы белектерди алып бериңиз.
  • Балага кам көрүүнү үйрөнүп, көтөрүп, памперсин алмаштырып, иштен келгенден кийин кол кабыш кылыңыз.
  • Төрөттөн кийин аялдардын өзүнө кам көргөнгө убактысы жок болуп калат. Бул учурда “баланы мен карап турайын” деп, жубайыңызга салонго барганга же өзүнө убакыт бөлгөнгө мүмкүнчүлүк  бериңиз.
  • Бардык жагынан колдоо көрсөтсөңүз дагы эч эле болбой жатса, сөзсүз адистерге кайрылыңыздар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт