Темпераментти кантип аныктаса болот?
Саламатсызбы! Темпераментти кантип аныктаса болот?
Бермет Наралиева
Психолог
Окурман, адамдын темпераменти Гиппократтын мезгилинен баштап төрт типке бөлүнөт. Гиппократ өз убагында темпераменттин келип чыгуусун организмдеги суюктуктар менен байланыштырган. Кийинчирээк илимий негизде орус окумуштуусу А.Павлов темпераменттин келип чыгуусун адамдын нерв системасы менен байланыштырган.
Темперамент туруктуу, адамдардагы табигый касиет. Анын бат өзгөрүп кетүүсү мүмкүн эмес. Чанда, кайсы бир учурларда гана өзгөрүлбөсө төрөлгөндө кандай темперамент менен төрөлсө өмүр бою ошол темпераментте калат. Төмөндөгү мүнөздөр жалпысынан кайсыл бир типти аныктайт. Эгер кызыкдар болсоңуз, психологдор Айзенктин тести аркылуу аныктап бере алат.
- САНГВИННИК
Эмоционалдуу оптимисттер. Жумушка жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат. Бирок, туруксуз, бир нерсеге көңүлүн көпкө кармай албайт. Тааныш эмес чөйрөгө, ар кандай шартка тез ыңгайлашып кетет. Ойлогон пландары ишке ашпай калса же башка жагымсыз окуяларды кадимки көрүнүш катары кабыл алып, капаланбайт. Кыйынчылыкты айланып өтүп же үстүртөн карап турат. Чечимди бат кабыл алат. Өндүрүштө жана коомдо аны активдүү иш аракетке салуу керек. Алдына улам жаңы тапшырмаларды коюп туруу маанилүү. Бир түрдүү иш аракетти, күнүмдүк убараны жактырбайт. Көп учурда кол жаңсап үнүн каттуу чыгарып сүйлөйт.
- ФЛЕГМАТИК
Татаал кырдалда да эмоцияга алдыртпайт. Жасаган ишине кылдат мамиле кылып, майын чыгара аткарат. Күтө билет, эрктүү, оор басырыктуу ошол эле учурда жоош. Аз сүйлөйт, айткан сөзүнө бекем. Эмоцияларын сыртка чыгарбайт, эмнени ойлоп жатканын түшүнүү мүмкүн эмес. Адамдарга болгон мамилеси, бир нерсеге кызыгуусу туруктуу. Өтө чыдамкай, өжөр. Урушту жана мактоону жактыра бербейт.
- ХОЛЕРИК
Кыймыл аракети шар, маанайы беш мүнөт сайын өзгөрүп турат. Бир заматта ачууланып, туталанып, кымкуут салып жиберет. Өзүн кармана албайт, чыдамы жок. Кишилерге жасаган мамилеси бир жактуу. Жакындарына катаал. Кек сактабайт, урушуп-талашканын бир заматта эле унутуп коет. Шашылып, мукактанып, тез сүйлөйт. Мүнөзү курч, агрессивдүү, урушчаак. Мимикасы жандуу, күлсө элди кошо күлдүрүп, кайгырса элди кошо капага салат. Алдыга койгон максаттарына ар дайым жете бербейт, себеби максаттын өзү улам өзгөрүп турат.
- МЕЛАНХОЛИК
Адамдарга абдан кылдат мамиле жасайт. Кыраакы, сезимтал, мыкты психолог. Башкалардын оюн жана ниетин алдын ала билет. Бат эле чарчайт, өзүнүн күчүнө ишенбейт, ошондуктан башкалардын колдоосуна муктаж. Көпчүлүктү, ашыкча ызы-чууну сүйбөйт, жалгыздыкты жактырат. Чечимди өзү чыгарат, бирок көпкө ойлонуп, толгонуп, кусадар болот. Үнүн акырын чыгарып, жай сүйлөйт. Тааныш эмес коомго аралашып кете албайт, күтүлбөгөн кырдаалда өзүн жоготуп коет. Таарынчаак.