Кыздын доосу жок болсо да соттолобу?
Бирөө бир кызды ала качкан. Кыз ошол эле күнү милициялар тарабынан куткарылган. Милиция кызматкерлерине арыз, түшүнүк жазып берген. Бирок, эки күндөн кийин кайчылаш арыз жазып берди. Кыздын доосу жок болсо деле тергөөчү баланын ишин сотко өткөрө алабы?
Нурлан Манапбеков
Юрист
Окурман, жабырлануучу кайчылаш арыз жазып ишти токтоткон болсо, тергөөчү ишти уланта албайт. Ал эми кыздын жашы жете элек болсо, тергөөчү же прокурор ишти сотко жеткирүүгө акысы бар.
Билесизби, ала качуу эмне үчүн токтобойт? Себеби, тергөөчүлөр кыз ала качуу ишин алып баргысы келбейт. Анткени, арыз жазган кыздар эки күн өткөндөн кийин доосу жок экенин билдирип кайра арыз жазып берет. Бир маселе болсо, "сүйлөшүп бүтүрөбүз" деп ойлошот. Бирок, ишти сүйлөшүп бүтүргөндүгү үчүн кылмыш жаза кодекси менен жоопко тартса болот.