Талактан кийин башка менен никесиз жакындыкка барса болобу?
2018.12.13, 12:21
2150
Күйөөсүнөн үч талак алган аял, сөзсүз түрдө башка менен нике кыйдырып, андан соң күйөөсү менен никелешиш керекпи? Жөн эле башка менен никесиз жакындыкка барып, кайра күйөөсүнө нике кыйса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.12.2018, 12:25
Бактияр Токтогазы уулу
КМДБнын фатва бөлүм адиси
Урматтуу айым, башканын никесинде туруп бөлөк адам менен жакындыкка баруу чоң күнөө.
Үч талак алган аял, нике менен башкага турмушка чыгышы керек.
Талак алган аял сөзсүз күтүү мөөнөтүн (3 этек кир) өткөзүп анан башка менен никеге турса болот. Эгер талак алган учурда кош бойлуу болсо, күтүү мөөнөтү төрөгөнгө чейин созулат.
Никесиз жакындык арам.
0
Пайдалуу жооп