Кайын эненин баланы талашканга укугу барбы?
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз эки айрым жолго түштүк. Жолдошум баламды талашпайт, бирок кайын энем талашат. Кайын энемдин баламды талашканга укугу барбы? Дарегимди билсе баламды алып коебу деп корком. Эмне кылам? Кимге кайрылам? Канткенде кайын энем жашоомо кийлигишпейт? Рахмат!
Нурлан Манапбеков
Юрист
Урматтуу айым, бала атага жана энеге гана таандык. Бул туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө тастыкталган.
Кайын эне баланы төмөнкү учурларда сот аркылуу өзүнө ала алат:
- Ата-энелик укуктан ажыратылса;
- Кайгуул учурунда (каза болуп калса, ичип же наркоман болуп кетсе).
Ал эми эл ичиндеги "алып коём, же берип коём" деген сөздөр, мыйзам боюнча кылмыш ишине чейин барат.
Мыйзамга ылайык балага ата-энесинин уруксаты жок эч ким эч нерсе кыла албайт.
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт
Айым, кайын энеңиздин баланы талашканга укугу жок. Баланын мыйзамдуу өкүлү - бул анын ата-энеси. Эгер кандайдыр бир себептер менен ата-энеси жок болсо, чоң ата, чоң эне, же таене, таятасы мыйзамдуу өкүл катары баланын кызыкчылыгын коргой алышат.
Учурдагы кырдаалда сиз барсыз, баланы сизден эч ким талаша албайт. Мыйзамда эненин укугу көбүрөөк. Коркпоңуз! Кайын энеңиз тынчыңызды ала турган болсо, өзүңүз жашаган аймактык милиция бөлүмүнө кайрылыңыз. Милиция мыйзамга жараша чара көрөт.