Укугуңду "уурдатпа"

Динара Ошурахуноваукук коргоочу

  • Динара Ошурахунова: Эгер сизди милиция көчөдөн токтотсо, биринчиден алар сизди өзү менен тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көргөзүшү керек. Сиз так окуп, ал милиционердин аты-жөнүн дагы жазып алсаңыз болот. Экинчиден, паспортуңузду милиционердин колуна бербегенге аракет кылыңыз.

Көпчүлүк учурларда адамдар өзүнүн укугун жана кимге кайрылаарын билишпейт. Кээде укугу бузулуп жатканын дагы аңдашпай, бирөө басым жасаса аны кадимкидей эле кабыл алышат. Коркутуу же басым жасоого эч кимдин акысы жок, ар бир адам өзүнүн укугун коргогонду билиши керек. Укук темасында Динара Ошурахунова “Билесиңби” порталына ой бөлүштү.

  • Адамдар укук менен эркиндикти көпчүлүк учурда алмаштырып алышат же тескерисинче укугунун тебеленип жатканын аңдашпайт, кантип айырмалашы керек?.

Укук  бул мамлекет камсыз кыла турган нерсе. Ар бир адам конституциялык укугун билиши керек. Мисалы: Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын бекер билим алууга, бекер сапаттуу медициналык жардамга укугу бар.

Ал эми эркиндик – бул мамлекет кийлигишпей турган нерсе. Мисалы: ар бир жаран өз алдынча дин тандаганга эркиндиги бар.

  • Жарандар укугу бузулуп жатса биринчи кайсы органдарга кайрылуусу керек?

Эгер бирөө сиздин укугуңузду бузса, биринчи орунда укук коргоочу органдарга (милицияга) кайрылышыңыз керек. Эгер милиция сизге жардам бербесе, укук коргоочу уюмдарга же болбосо Акыйкатчы Институтуна кайрылыңыз. Акыйкатчы Институту ар бир областта жайгашкан.

  • Менин милициям мени коргойбу?

Эгер сизди милиция көчөдөн токтотсо, биринчиден алар сизди өзү менен тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көргөзүшү керек. Сиз так окуп, ал милиционердин аты-жөнүн дагы жазып алсаңыз болот. Экинчиден, паспортуңузду (идентификациялоо документиңизди) милиционердин колуна бербегенге аракет кылыңыз. Андан да жакшысы паспортуңуздун көчүрмөсүн алып жүргөнүңүз жакшы.

Жок дегенде бир юристтин телефонунун билишиңиз керек. Эгер кокустуктан сизди милиция кармаса, юристке звонок кылып анын кеп-кеңещин алыңыз, андан жакшысы жаныңызга чакырыңыз. Эгер милиционерлер сиз юристке звонок кылганыңызды көрсө кое берет, же болушунча мыйзам менен иштешкенге аракет кылышат.

  • КРнын мыйзамдарында жарандарды коргоо кандай каралган?

Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким жынысы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.

Мыйзам буздуң, кылмыш жасадың деген далилсиз айыптоого эч кимдин укугу жок. Мыйзам чегинде айыбыңды далилдемейинче сен күнөөсүз болуп эсептелесиң. Сени эмнеге күнөөлөп жатканын билүүгө, укуктук жардам алууга жана корголууга укугуң бар. Эч ким сени күбө катары көрсөтмө берүүгө мажбурлабаш керек. Эгерде мыйзам бузсаң, анда сага оңолууга шарттар түзүлүшү керек.

  • 16 - берене 2- пункт.
  • 18 жашка толо электердин укуктары
  1. Эгерде 18 жашка толо элек болсоң бала катары тааныласын.
  2. Эл аралык принциптеринин жана стандарттарынын бузулушунун бири, бул 18 жашка толо элек балдарды камакка алуу, эгер алар кылмыш иш жасабаса.
  3. Ар бир бала өңү-түсүнө, тилине, ден соолугуна, жынысына, кандай үй-бүлөдө тарбияланганына жана ишенген динине карабастан, бирдей укуктарга ээ. Сен өз укуктарың менен басмырлоодон коргонууга укуктуусуң.
  4. Ар бир бала жеке өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде ысымыңды, жарандыгыңды жана үй-бүлөлүк байланыштарды сактоого укугуң бар. Эгерде жекече өзгөчөлүктөрүңдү, же анын кайсы бир элементтеринен мыйзамсыз түрдө ажыратышса, жардам алууга жана коргонууга укуктуусуң.
  5. Сен ата-энең менен жашоого укуктуусуң. Эгерде ата-энең эки бөлөк жашоону чечишсе, анда экөө менен тең катташууга укугуң бар. Эгер ата-энең сага катаал мамиле жасаса, анда сени коргоо үчүн алардан ажыратып салышы мүмкүн.
  6. Өзүңө тиешелүү бардык маселелер боюнча өз пикириңди эркин билдирүүгө укуктуусуң. Кандайдыр бир чечим кабыл алууда улуулар сенин пикириңди эске алышы керек.
  7. Мыйзамдын чегинде, өз тандооңо жараша (оозеки, жазуу түрүндө, гезиттер же көркөм чыгармалар аркылуу) маалымат издөөгө, алууга жана алар менен бөлүшүүгө укугуң бар.
  8. Сен ар кандай тынчтык уюмдарга мүчө болууга жана тынч жыйындарга катышууга укуктуусуң.
  9. Сенин жеке жашоого укугуң бар. Кимдир бирөө менен жазышкан каттарыңды окууга, ар – намысыңды жана аброюңду түшүрүүгө эч кимдин укугу жок. Жеке турмушуңа кимдир бирөө кийлигише турган болсо, анда мыйзамдын чегинде коргоо издөөгө укуктуусуң.
  10. Пайдалуу маалыматтарды алууга укугуң бар. Улуулар болсо ошол маалыматтарды сага жеткиликтүү болуусун камсыздап бериши керек.
  11. Ата – энең сенин тарбияң жана өсүп – жетилүүң үчүн жоопту. Ал эми мамлекет бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды ачуу менен аларга жардам бериши керек.
  12. Ата- энеңдин катаал мамилесинен, тикелей жана психологиялык зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо издөөгө укугуң бар.
  13. Эгерде ата- энең жок болсо, мамлекеттин камкордугун жана жардамын алууга укугуң бар. Качкын балдар да башка балдардай эле бирдей укукка ээ. Алардын да татыктуу жашоо үчүн өзгөчө коргоого жана жардам алууга укугу бар.
  14. Акыл- эси жана мүчө бою жагынан кемчилдиги бар балдар, башка балдардай эле бирдей укукка ээ. Алардын да татыктуу жашоо жана коомдун турмушуна жигердүү катышуу үчүн өзгөчө коргоого жана жардам алууга укугу бар.
  15. Сен өсүп- жетилүүң үчүн зарыл болгон шарттарга укугуң бар. Ата- эне өз баласына татыктуу турмуш үчүн шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү. Ал эми сенде турак-жай, тамак-аш жана кийим-кече болуш үчүн мамлекет ата- энеңе жардам берүүгө тийиш.
  16. Сен билим алууга укуктуусуң. Сен үчүн милдеттүү түрдөгү баштапкы билим берүү жеткиликтүү болууга тийиш. Сен болсо сабактардан калбай, мектепке дайыма барышың керек.
  17. Сен экономикалык эзүүдөн коргонууга укуктуусуң. Саламаттыгыңа зыян тийгизген, окууңа жана өсүп- жетилүүңө тоскоол болгон жумуштарды жасабашың керек. Бала канча жаштан баштап иштей алаарын жана жумуш үчүн кандай шарттар түзүлүшү керектигин мамлекет чечиши керек.
  18. Сен сексуалдык иш-аракеттерден мажбурлоодон жана зомбулуктан корголууга укуктуусуң.                                                                                                                                                                                                                                                                  Мыйзам буздуң, кылмыш жасадың деген далилсиз айыптоого эч кимдин укугу жок. Мыйзам чегинде айыбыңды далилдемейинче сен күнөөсүз болуп эсептелесиң. Сени эмнеге күнөөлөп жатканын билүүгө, укуктук жардам алууга жана корголууга укугуң бар. Эч ким сени күбө катары көрсөтмө берүүгө мажбурлабаш керек. Эгерде мыйзам бузсаң, анда сага оңолууга шарттар түзүлүшү керек.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт