Турмушка чыккым келбейт
Саламатсызбы! 16 жаштамын. Быйыл мектепти бүтүрөм. Келечекте балдар дарыгери болгум келет. Бирок, атам турмушка эрте чыгышымды каалайт. Мен азырынча тийгим келбейт, даяр эмесмин. Атама кантип түшүндүрсөм болот?
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман! КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренесине ылайык никелешүү жаш-курагын бузгандыгы үчүн кыздын ата-энеси, нике кыйган молдо жана жашы жете элек кыз менен никеге туруп жаткан болочок күйɵɵ 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде жашың 18ге толо элек болсо жана атаң турмушка чык деп жатса, жогорудагы мыйзамды көрсөт.
Ал эми, жашың 18ден ɵйдɵ болсо, ушул эле кодекстин 154-беренесинде эч бир жаран ɵз кызын болобу, башка бирɵɵнүн кызы болобу мажбурлап күйɵɵгɵ бергенге акысы жок деп айтылган. Демек, мажбурлап күйɵɵгɵ бергендер үчүн дагы жоопкерчилик каралган.
КРнын Конституциясында "ар бир жаран болочок жубайын эркин тандоого укуктуу" деп жазылып турат.
Кɵпчүлүк учурда, үй-бүлɵлүк зомбулуктан жабыр тарткан кыз-келиндер убагында ата-энеси күйɵɵгɵ чык деп шаштыргандан улам болочок күйɵɵсүн, үй-бүлɵсүн толук билбей туруп тийип алышкандарын айтып ɵкүнүшɵт. Бүгүнкү күндɵ ажырашуунун дагы саны ɵсүп жатат. Келечекте бактылуу жашагың келсе шашпа, билим ал, терең ойлонуп анан турмушка чык. Сен буга укуктуусуң!
Шашып кыздарын күйɵɵгɵ бере коюп, кийин бир эки баласы менен ажырашып келгенде, ɵздɵрүн күнɵɵлүү сезип, башын мыкчып олтурган ата-энелер дагы жок эмес.
Атаңа жакшылап түшүндүр, сени тезирээк күйɵɵгɵ берүү менен маселе чечилип калбайт.