Жыныс мүчөмдү чоңойтуп алдым
25теги бойдок жигитмин. Жыныс мүчөм 16 см болчу. 5 айдан бери атайын май сүйкөп олтуруп, узунун 4 смга, туурасын 2 смга чоңойттум. Эрексия учурунда 20 см. Сүйүнүп жатам, бирок, кыздар кыйналып калбайбы деген ой башымдан кетпей койду. Айымдардын жыныс мүчөсүнүн тереңдиги канча болот?
Нурлан Эгетаев
Уролог
Урматтуу мырза, жыныс мүчөңүздү өз алдынча чоңойтупсуз. Андыктан сөзсүз урологго кайрылып коюңуз. Сурооңузга жооп бере кетсем, баары туш келген айымдан көз каранды. Жыныстык катнашта мүчөңүздү кандай колдоносуз, ошол дагы маанилүү.
Гүлзина Мадраимова
Гинеколог
Ар бир адамдын дене түзүлүшү (анын ичинде жыныс мүчөсү) генге байланыштуу. Ал эми сексуалдык жашоодо жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүү эмес. Кандай максат менен чоңойтуп жатасыз, ал өз ишиңиз.
Айымдардын жыныс кынынын орточо өлчөмү 7 - 14 смга чейин болот.
Жакшысы, сиз буларга эмес, жеке гигиенага, жыныс жактан жукчу оорууларга, үй-бүлөнү туура пландаштырууга көбүрөөк көңүл буруңуз.