Мугалимдин ЖРТга катыштырбай койгонго укугу барбы?
11-классмын. Классташ балдарым жакшы окушпайт, бирок спорт жагынан алдыда. Былтыркы 11-класстар ЖРТдан аз упай алгандыгына байланыштуу, район мектептеринин арасынан экинчи орунду ээлеп калдык. Эми мугалимдерибиз болсо өткөндү айтып, классташ балдарымды "ЖРТга катышпайсыңар" деп жатат. Алардын буга укугу барбы?
КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Урматтуу окуучулар, мугалимдердин Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышууга тыюу салганга укугу жок. Жогорку билим берүү жайларына тапшырууну каалгандар сөзсүз түрдө ЖРТ тапшырат. Эгерде мугалимиңиз мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жатса, биз менен байлынышыңыз.
Ишеним телефондору: +996(312) 62-05-19
Тынымсыз байланыш: 1222
Электрондук дарек: minedukg@gmail.com